УКМК: атайын кызматтардын иш-аракеттерин өркүндөтүп…

Бүгүн, 24-майда, Бишкек шаарында Күнкорсуз Мамлекеттер Шериктештигинин Коопсуздук органдарынын жана атайын кызматтарынын жетекчилери кеңешинин кезектеги, 42-жыйыны өтүүдө

Жыйында КМШ өлкөлөрүнүн коопсуздук кызматтарынын терроризм жана эл аралык уюшкан кылмыштуулука каршы күрөшүү боюнча кызматташтыгын жакшыртуу маселесине негизги көңүл бурулат.

Күн тартибинде КМШ аймагы аркылуу мыйзамсыз мигранттардын транзиттик каналдарына тиешеси бар тараптар боюнча маалымат алышуу сапатын жогорулатуу жолдорун талкуулоо пландаштырылып, эл аралык террористтик уюмдардын алкагында жарандарды Сирия жана Ирак өлкөлөрүнө жөнөтүү багыттарын аныктоо жана аларды кайтаруу жолдору каралат.

Согушкерлердин иш-аракеттеринин алдын алуу боюнча кошумча иш-чаралар иштелип чыгат.

Ушул жылдын июнь-июль айларындагы FIFA Конфедерациясы кубогунун мелдешин өткөрүү алдында маанилүү коомдук саясий, спорттук жана башка эл аралык деңгээлдеги иш-чараларда коопсуздукту камсыз кылуу боюнча тажрыйбаларынан да алмашат.

КМШнын терроризмге каршы борборунун башчысы жыйындын катышуучуларына,  Мамлекеттердин кызматташтык программасын ишке ашырууда 2014-2016-жылдардагы КМШ өлкөлөрүндөгү терроризм жана экстремизмдин зордук-зомбулук көрүнүштөрү, ошондой эле аталган Борбордун 2016-жылдагы ишинин жыйынтыктары тууралуу отчет берет.

 

Добавить комментарий

вход