Конституциялык палатага кайрылсаңыз…

Бүгүн Конституциялык палата адаттагыдай эле жарандардан келе турган кайрылуулардын бирин карап чыкты. Жарандар палатага жалпысынан мыйзамдар жана башка ченемдик укуктук актылар Конституцияга карама-каршы келген учурда, аларды Конституцияга ылайык эмес деп табуу жөнүндө кайрылуусу менен келишет. Эгерде кимдир бирөө Конституциялык палатага кайрылгысы келсе, төмөнкүлөрдү эске алышы керек

Биринчиден, Конституциялык палатанын ыйгарым укуктары менен таанышуу зарыл болот. “Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө” Конституциялык мыйзамынынын 4-беренесине ылайык, Конституциялык палата:

1) мыйзамдар жана башка ченемдик укуктук актылар Конституцияга карама-каршы келген учурда, аларды конституциялык эмес деп табат;

2) Кыргыз Республикасы үчүн күчүнө кире элек эл аралык келишимдердин конституциялуулугу тууралуу корутунду берет;

3) Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзамдын долбооруна карата корутунду берет.

Эгерде жеке жана юридикалык жактар Башкы мыйзамда таанылган алардын укуктары жана эркиндиктери мыйзамдарда жана башка ченемдик укуктук актыларда бузулган деп эсептесе, конституцилык сот өндүрүшүн жүргүзгөн органга жогоруда көрсөтүлгөн 1-пункттун негизинде гана кайрыла алат.

Палатада каралуучу иштин себеби болуп, кайрылуунун Мыйзамдын талаптарына жооп берүүчү сунуштамалар, өтүнүчтөр жана суроо-талаптар эсептелет. Жарандар өзүнүн кайрылуусун өтүнүч түрүндө беришет. Кайрылуу болсо Мыйзамда көрсөтүлгөн талаптарга жооп бериш керек.

Кайрылууда төмөнкүлөр көрсөтүлүүгө тийиш:

1) Конституциялык палатанын аталышы;

2) кайрылуучунун аталышы, дареги жана ага тиешеси бар башка зарыл маалыматтар;

3) кызмат орду боюнча өкүлчүлүктү кошпогондо, кайрылуучунун өкүлүнүн аталышы, дареги жана анын ыйгарым укуктары жөнүндө маалыматтар, ага тиешеси бар башка маалыматтар;

4) конституциялуулугу текшерилүүгө жаткан ченемдик укуктук актыга кол койгон же аны чыгарган мамлекеттик органдын, кызмат адамынын аталышы, дареги;

5) Конституциялык палатага кайрылууга укук берген Конституциянын жана ушул Конституциялык мыйзамдын ченемдери;

6) тарап өзүнүн талабын негиздеген жана өзү берген фактыларды ырастаган жагдайлар;

7) талашылып жаткан ченемдик актынын толук аталышы, номуру, кабыл алынган датасы, жарыяланган булактары жана башка реквизиттери;

8) ушул конституциялык Мыйзамда көрсөтүлгөн конкреттүү кайрылууну кароо негиздери;

9) коюлган маселе боюнча кайрылуучунун көз карашы жана анын Конституциянын ченемдерине карата шилтемеси менен укуктук негиздемеси;

10) Конституциялык палатага сунуштама, өтүнүч, суроо-талап менен байланышкан кайрылуунун талабы;

11) тиркелген документтердин тизмеги (кайрылууга кайрылуучу тарап конституциялуулугун толугу менен же айрым бөлүгүндө талашып жаткан ченемдик укуктук актынын текстинин көчүрмөсү;  өкүлчүлүк кызмат орду боюнча жүргүзүлүүчү учурларды кошпогондо, өкүлдүн ыйгарым укуктарын тастыктоо күбөлүгү же башка документ; зарыл учурда кайрылууга Конституциялык палатанын жыйналышына чакырылууга жаткан адамдардын тизмеси, алардын даректери, ошондой эле башка документтер жана материалдар тиркелүүсү мүмкүн).

Келип түшкөн кайрылуулар милдеттүү түрдө алардын келип түшкөн күнү катталууга жатат. Катталган учурдан тартып Конституциялык палатанын Төрагасы (Төрайымы) кайрылууну сот өндүрүшүнө кабыл алуу жөнүндө маселесин отуз жумушчу күндүн ичинде чечүү үчүн өтүнүчтү үч судьядан турган коллегияга берет.

Келген документтерди текшерүү ошол коллегиядагы судьялардын бирине тапшырылат. Кайрылууну өндүрүшкө кабыл алуу же аны кабыл алуудан баш тартуу жөнүндөгү аныктама коллегиянын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.

Кайрылууну өндүрүшкө кабыл алуудан баш тартуу жөнүндөгү аныктама үстүнөн тараптар Конституциялык палатага даттанышы мүмкүн.

Добавить комментарий

вход