МСК: эшиктер ачылган күн

Мамлекеттик салык кызматында жогорку окуу жайлардын экономикалык адистиктери боюнча мугалимдер жана студенттердин катышуусу менен жыл сайын уюштурулуп келген «Ачык эшик күнү» болуп өттү. Жолугушуу МСКнын жыйындар залында өткөрүлдү

МСК басма сөз кызматы билдиргендей, бул иш-чарага Кыргыз-Россия Славян университетинин, Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин, Бишкек финансы-экономикалык академиясынын, Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынын, Ала-Тоо университетинин, Бишкек финансы-экономикалык техникумунун жана Бишкек гуманитардык университетинин алдындагы коллежинин окутуучулары жана студенттери катышты. Алар  салыктык тескеп башкаруу боюнча билимдерин толуктап, салык салуу боюнча укуктар жана милдеттер, салык кызматына кабыл алуунун эрежелери жана тартиби жөнүндө билишти.

МСКнын статс-катчысы Жакып Карагул уулу мамлекеттик органдын иши, компьютердик маалыматтык технологияларды колдонуу менен салыктык тескеп башкаруу боюнча МСКнын заманбап иштөө ыкмалары, алдыдагы милдеттер жана ведомствону өнүктүрүүнүн келечектеги пландары жөнүндө айтты. Ал келечектеги салыкчылардын калктын салыктык сабат деңгээлин жогорулатуу максатында салык төлөөчүлөр менен ишти уюштуруунун заманбап ыкмаларын иликтөөнүн зарылчылыгын жана маанисин баса белгиледи.

Салык кызматынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери студенттерге Евразия экономикалык биримдигинин алкагында салык салуунун шарттары, салык кызматы тарабынан калкка көрсөтүлүүчү («Бирдиктүү терезе» принциби боюнча иштөөчү сервистик борборлор, маалымат борбору, МСКнын ырасмий Интернет-сайты, ККМ-онлайн, электрондук отчеттуулук ж.б) заманбап кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө кеңири маалымат беришти.

Ошондой эле, студенттер салык кызматынын системасындагы коррупцияга каршы күрөшүү боюнча өткөрүлүүчү иш-чаралар тууралуу, адистерди ишке кабыл алуунун тартиби, эрежелери жана башкалар жөнүндө суроолорго жоопторду алышты. Жолугушуу МСКга арналган тасманы көрсөтүү менен аяктады. Ошону менен бирге, студенттерге «бирдиктүү терезе»  принциби боюнча салыктар жана кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө брошюралар таратылды.

«Ачык эшик күнү» акциясы бардык аймактык салык органдарында жүрүп жатат.

Аталган иш-чара Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «2016-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын калкынын укуктук маданиятын көтөрүү концепциясын бекитүү жөнүндө» токтомун, ошондой эле МСКнын ушул жылдагы КР коррупцияга каршы саясатынын Мамлекеттик стратегиясын аткаруу боюнча иш-чаралар планын аткаруу максатында уюштурулган.

 

Добавить комментарий

вход