Кесиптик кошундар: жумушчунун эмгеги сыйлансын

Эртең, 30-майда, саат 10дон 12ге чейин, Курулуш жана куруу заттар өнөр жайы кызматкерлеринин кесиптик кошунунун республикалык комитети «Татыктуу эмгек жана аны коргоо – ар бир адамдын укугу» аттуу тынч митиң-чогулуш түрүндө коомдук иш-чара өткөрөт

Аталган мекеменин басма сөз кызматы маалымдагандай, митиң-чогулуш баштала турган жай – Бишкек шаары, Биринчи Май району, Чүй проспекти, 207-имарат, Кыргызстан кесиптик кошундарынын федерациясы. Дал ушул жерден , Чүй проспектиндеги жүргүнчүлөр жолун (тротуарды) бойлоп, тынч жүрүш Панфилов көчөсүн карай багыт алат да, андан соң Кошундар үйүнө кайтып келет.

Ушул коомдук иш-чаранын максаты – мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча органдардын, жумуш берүүчүлөрдүн, кызматкерлердин жана жалпы эле коомчулуктун көңүлүн Кыргыз Республикасында эмгекти коргоо жана коопсуздук техникасы маселелерине буруу болуп саналат.

Тынч жүрүш башталар алдында Кыргызстан кесиптик кошундары федерациясынын короосунда жогорудагы көйгөй-түйшүктөргө арналган фотосүрөттөр көргөзмөсү болуп өтөт. Андан кийин иш-чара мурда айтылган тарапка багыт алат.

Бул тынч акциянын катышуучуларынын ыктымалдуу саны – 50дөн 120 кишиге чейин деп болжолдонуп жатат.

Тынч жүрүшкө бардык каалаган жарандар чакырылат.

Кошумча маалымат алуу үчүн байланышууга боло турган телефон номерлери: 613216, 0-555-201028 (Лена).

 

Добавить комментарий

вход