Кыргызская Республика,
г. Бишкек
ул. Сыдыкова 187, офис 28
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин басма сөз борбору кабарлагандай, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү алдындагы Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча корунун мурдагы төрагасы Шералы Абдылдаевге күнөө коюлду
Атайын кызматтын маалыматы боюнча, ММБК экс-төрагасы «Ата Мекен» саясий партиясынын парламенттик фракциясынын мурдарак камакка алынган жетекчиси Ө.Текебаев жана бир катар башка жактардын үстүнөн козголгон кылмыш ишинин катышуучусу болуп саналат.
УКМК билдиргендей, азыркы учурда Ш.Абдылдаев кайсы жерде экендигин жашырып, тергөөдөн качып жүрөт. Ушул жагдайга байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган кылмыш («Коррупция») жасагандыгына байланыштуу айып ага сырттан коюлган.
Мурдарак Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун чечимине ылайык, Ш.Абдылдаевге карата камакка алуу баш коргоо чарасы белгиленип, аны издөө жарыяланган.
УКМК мындан ары айыпталуучу деп саналган Шералы Абдылдаевди издеп табуу боюнча тийиштүү тергөө-оперативдик амалдарды жүргүзүүдө.
Автор: Бекболот Касаболотов Иллюстрация: Кадыр Батырканов ОО «Партнерская группа «Прецедент» провела небольшое исследование по соблюдению государственными органами и органами местного самоуправления законодательства о доступе к информации […]
Автор: Бекболот Касаболотов Фото: Pixabay В предыдущем материале мы рассмотрели ответственность за нарушения в государственных закупках по новому кодексу о правонарушениях, теперь поговорим об уголовной ответственности […]