Укпаган бийликке кайрылуу

Бишкектеги  «Достук» мейманканасында «Акыйкат шайлоо үчүн жарандык кыймылы» жыйын өткөрдү. Бул иш чараны белгилүү саясатчылар жана коомдук ишмерлер Феликс Кулов менен Равшан Жээнбеков алып барышты

Чыгып сүйлөгөндөр азыркы шайлоо алдындагы мезгилде кырдаалды атайын курчутуп, ошол эле учурда опурталдуу жагдайларга кайдигер карап жаткан жана коомдук ишмерлер менен топтордун кайрылууларына эч кандай жооп бербеген мамлекет бийлигин катуу сынга алышты.

Чогулгандардын алдында Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын мурдагы төрагасы Орозбек Молдалиев чыгып сүйлөдү: 

– Азыркы учурда Кыргызстандагы бирден-бир коркунучтардын катарында терроризм менен экстремизм турат. Бул Кыргызстан үчүн иш жүзүндөгү коркунуч. Бирок кептин бардыгы ушулар менен күрөшүп жатабыз деген шылтоо аркылуу бийлик биздин демократиялык жетишкендиктерибизге зыян тийгизбесе экен деген ой туулат.

Мындан тышкары, Молдалиев мырза өлкө үчүн эң зор коркунучтардын арасында баңгизат соодасына тийиштүү кырдаалды атап, Кыргызстандын көчөлөрүнө машинелер көптүгүнөн алар батпай кеткенин, ресторан-тойканалар деги эле бошобой турганын дал ошол баңгизат соодасынан түшкөн мыйзамсыз, арам акчалар тымызын адалдаштырылып жатканына байланыштырды. Ошону менен бирге О.Молдалиев болочок президенттик шайлоого байланыштуу диний кырдаалга да токтолду:

– Мына, белгилүү диний ишмер Чубак ажы Жалилов Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев жана башка анын бир нече кесиптештери өлгөндө, жаназасы окулбасын, алар атайын бир тизмеге киргизилип, ошол тизме түбөлүк Кыргызстан муфтиятында сакталсын деп билдирген. Мунун өзү эмнелерден кабар берет? Дин жана динчилдер мамлекеттин турмушуна, маселелерине ушунчалык кийлигишип кеткен!..

Дагы бир олуттуу коркунуч – бул дин чөйрөсү менен мамлекет өкүлдөрүнүн ымалалашып, коррупциялашып кеткендиги. Мына, ажылыктан жылына 6-8 миллион АКШ доллар келип түшөт. Бирок ошол каражат түздөн-түз муфтияттын чөнтөгүнө түшөт дегендикке жатпайт. Ал акча күч түзүмдөрүнүн кызматкерлеринин, өкмөттөгү чиновникердин жана кээ бир депутаттардын колуна түшүп жатат, – деп билдирди Орозбек Молдалиев.

Андан соң жыйын алдында чыгып сүйлөгөн Ички иштер министрлигинин коомдук коопсуздук бөлүмүнүн башчысы полковник Улан Рысбаев шайлоо учурунда укук-тартип жагдайларына токтолуп, өлкөдөгү шайлоо участкаларынын ар бирине милиция кызматкерлери дайындалганын айтты жана бир катар сан көрсөткүчтөрүн жарыя кылды.

Полковникке суроо берген журналисттердин бири айрыкча өлкө түштүгүндөгү Кара-Суу районунда айрым кылмышкерлер чөйрөсүнүн  «ишмерлери» шайлоочуларды азыртан эле опузалап, «тийиштүү» гана талапкер үчүн добуш берүүгө мажбурлап жатканын тынчсызданып айтты.

Жыйындар залында отурган Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Гүлнара Журабаева ИИМ өкүлүнө чорт кесе суроо берди:

– Сиз шайлоонун жүрүшүнө жаш жигиттерден куралган уюшкан топтор киришпейт деп кепилдик бере аласызбы?

– Биздин кызматкерлер бул маселе боюнча катуу машыгып, өтө кеңири жана кылдат даярдыктан өтүштү. «102» номерлүү телефонго келип түшкөн ар бир кабар жана кайрылуу боюнча чара көрүлөт. Эгерде шайлоочуларды опузалап, аларга кысым-басым көрсөтүлсө жана шайлоо жүрүшүнө кандайдыр бир топтор кийлигишүүгө аракет кылса, табелдик курал-жарагы бар биздин кызматкерлер мыйзамда белгиленген бардык чараларды колдоно алышат, – деп ишендирди милиция полковниги.

 

Бирок коомдук чарага катышкан мурдагы президент Роза Отунбаева мындай чечкиндүү билдирүүлөргө суу бүркүп койду:

– Бул жерге ички иштер министри өзү келе албайт, сүйлөй да албайт. Ошондуктан ал ушул жакка бир бөлүм башчысын жиберип койгон. Анан биз ушул кишиге суроолорду жаадырып бергенибиздин деги кажети барбы?!

Мына, мен айтайынчы, жогоруда аталган бир эле Кара-Суу районунда ушул тапта 25 аттуу-баштуу чиновниктер штабтарда отуруп, көрсөтмө берип жүрүшөт. Анан жергиликтүү бийлик кызматкерлери аларга кантип баш ийбей коёт?! Мына, кептин баары так ушул опурталдуу, коркунучтуу кырдаалда!

Белгилүү ишмер, генерал Феликс Кулов жакында Ош шаарында президенттикке талапкерлердин бирине тийиштүү чуулгандуу окуя жөнүндө ой-пикирин билдирди:

– Мен бир маселеге өзгөчө токтолгум келет. Бул – Ош шаарында шайлоочулар менен жолугуп жаткан учурунда сүйлөгөн Өмүрбек Бабановдун сөзүнө тийиштүү. Балким, ал киши бул жагдайда, улуттар аралык мамилелерге алакасы бар маселеде бир аз өзү да кылдат байкабай калгандыр. Бирок, кантсе да, бул кырдаал өзү деле басаңдап бара жатканда, мамлекеттик маалымат каражаттары ушул маселени улам-улам көбүртүп, курчутуп жатат. Бул жөн эле от менен ойноо! Өзүнөн-өзү эле бир суроо туулат: тынч жашаган калктын арасында улуттар аралык мамелелеринин курчушуна алып келген, араздашуу отун тутандырып жаткандар деги кимдер өзү?! Мындан тышкары, Жогорку Кеңештин депутаты Канат Исаевди камакка алуу дагы аргасыз күмөн санатат. Журналисттердин ишмердигин чектөө аракеттери да токтобой жатат. Буга дагы бир – мисал – иликтөө өткөрүп жаткан журналист Элнура Алкановага копол чара колдонулган, анын кызматтык машинасын тороп алып, ал өзү чакырган милиция кызматкерлери келгенге чейин анын кыймыл-аракети чектелген. Мында өз милдетин так, сыпайы аткарган милиция кызматкерлерине алкыш сөзүмдү айткым келет.

Ал эми 30-сентябрда шайлоону акыйкат өткөрүү талабы менен митиңге чогулган үч миңдей жаштардын кайрылуусун мамлекет бийлиги байкап да койгон жок, – деди өз сөзүндө Ф.Кулов.

Андан соң, шайлоочулардын ким үчүн добуш бергенин көзөмөлгө алышат деген кооптонууларга жооп катары генерал Кулов мындай билдирүү жасады:

– Мен Бишкектеги №6-мектеп-гимназияда жайгашкан шайлоо участкада добуш беремин. Эгерде кимдир бирөө мен ким үчүн добуш бергенимди билип алса, ошол киши менин үйүмдү алсын! – деп айтканда, залдагылардын баары каткырып күлүштү.

Укук коргоочу ишмер Чолпон Жакупова: «Азыр өлкөбүздө түзүлүп калган кырдаалда таза, акыйкат шайлоо жөнүндө кеп да кылып болбойт», – деди жана бийлик өзү жасап жаткан олдоксон аракеттер абалды мындан да курчутуп жибериши турган иш деп баса белгиледи.

Жогорку Кеңештин мурдагы Төрагасы Абдыганы Эркебаев ушул тапта Кыргызстан мусулмандарынын диний башкармасын жетектеп жаткан Максатбек ажы Токтомушевдин ишмердигин жана Пакистанда алган диний билимин  «шектүү» деп мүнөздөдү.

Өз сөзүндө А.Эркебаев Жогорку Кеңештин сөнку иш-аракеттерине да баа берди:

– Өлкөбүздө ушундай кыйын абал түзүлүп калган учурда мыйзам чыгаруучу орган баарын таштап, эки жумага кетип калганы – ал өзүнүн түздөн-түз милдетин аткарбай, ишмердигин аткаруудан баш тартты дегенди билдирет. Мына ушул жагдайды да биз жыйыныбыздын резолюциясына киргизип, баса белгилеп коюшубуз керек, – дегенде, чогулуштун катышуучулары бул сунушту жандуу колдошту.

Генерал Кеңешбек Дүйшөбаев дагы азыркы коомдук-саясий кырдаалга тунчсызданып жатканын жашырган жок:

– Кече Коопсуздук кеңешинин жыйыны болуп өттү. Бирок биз өлкөдөгү кырдаал боюнча кайрылып, талкууга алуу маселесин козгосок да, ал жөнүндө бир ооз сөз айтылган жок. Демек, мамлекетибизде мындан ары эмне гана болбосун, бул үчүн Президент, Жогорку Кеңештин Төрагасы жана премьер-министр жекече жооп бериши керек. Мына, бул жерде мурдагы Президент Роза Исаковна Отунбаева, Жогорку Кеңештин мурдагы Төрагалары Медеткан Шеримкулович Шеримкулов, Абдыганы Эркебаевич Эркебаев олтурушат, – а бизге болсо Ички иштер министрлигинен бөлүм башчысын жиберишиптир. Ал киши капа болбосун, мен билем, ал жакшы кызматкер, бирок ал министр же министрдин орун басары үчүн жооп бере албайт да.

Улуттар аралык коогалаңга бийлик өзү алып келип жатат деген ой-пикирлерди улап, Саясий туткундар комитетинин атынан чыгып сүйлөгөн Сапар Аргынбаев:

Азыркы бийлик өлкөдөгү татаал, опурталдуу кырдаал түзүлүшүнө кызыкдар. Себеби мындай абалда ал өз билгенин кыла берет. Бирок ушул жагдайда эмнелер болуп кетсе да, баары бир бул үчүн Президент, Жогорку Кеңештин Төрагасы жана премьер-министр жооп бериши керек. Мында өзгөчө белгилеп кетчү бир маселе: мындан бир нече жыл мурда Петровка айылындагы улуттар аралык мамилелерге тийиштүү окуяда эч кандай жоопкерчиликке тартылбай калган кызмат ээлери азыр кайрадан эле мамлекеттик органдарда кызматта. Ал турсун, алар андан чоң кызматтарды ээлеп алышкан, – деп билдирди.

Чогулуштун аягында «Акыйкат шайлоо үчүн жарандык кыймылы» атайын резолюция кабыл алып, анда Кыргызстанда президенттик шайлоо алдында түзүлүп калган кырдаал үчүн жоопкерчиликти мамлекет бийлигине жүктөдү жана ал абалды атайын курчутуп, ошол эле учурда опурталдуу жагдайларга кайдигер карап жаткан жана коомдук ишмерлер менен топтордун кайрылууларына эч кандай жооп бербеген үчүн күнөөлүү деп баса белгиледи.

Ошондой эле шайлоо алдында тийиштүү мыйзамдарды одоно түрдө бузган Коомдук телерадиокорпорациянын жетекчиси Илим Карыпбеков жана вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев кызматтарынан четтетилбегени сынга алынды. Жана да аталган кыймыл мамлекет турмушу үчүн өтө маанилүү болгон президенттик шайлоо өнөктүгү алдында бийликтин бир бутагы болгон Жогорку Кеңеш өзүн-өзү өлкөнүн турмушунан четтетип, ушундай жагдайда өзүнүн түздөн-түз милдетин аткаруудан баш тартты, – деп билдирди.

Ой-пикир кошуу

кирүү