Айыл өкмөттөрдүн 82% дотацияда отурат

Мындай маалымат Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкарууларынын (ЖӨБ) форумунда айтылды.

Өлкөбүздүн аймагында 453 айыл аймагы бар жана анын 75и гана өзүн өзү камсыз кылат. Калган 378 айыл өкмөтү мамлекеттин көзүн карап, дотацияда отурат. Чоӊ жана кичи шаарлар биригип 300 шаар бар. Жергиликтүү өз алдынча башкаруулардын чоӊ форумуна аймактардан келишкендер колундагы мүмкүнчүлүктөрү жана мамлекет менен өз ара аркеттенүүсүн талкуулады. Борбордук бийлик кандай гана демилге көтөрбөсүн, аймактарды өнүктүрүүдө ЖӨБ органдарынын уюшулуп, үндөшүп, жыйынтыктуу иш алып барганына көз каранды болоору турган иш. Анткени, форумдун ар бир катышуучусу аймактар өнүкмөйүн өлкө өнүгө албашын жакшы түшүнөт.

Форумдун расмий бөлүгүнө караганда түштөн кийинки талкуулар жандуу өтүп, анда аймактан келген айыл өкмөттөр  сунуштары менен кошо өз демилгелерин ортого салышты. Өнүктүрүү саясат институту чогулткан форумда жергиликтүү жамааттардын кызыкчылыктары мамлекеттик саясатта сөзсүз түрдө чагылдырылышы керектиги белгиленди.Айылдык кеӊештин депутаттарынын көпчүлүгүнүн билимдери жогорку эместиги айтылып, тартыш маселеде алар урук-тууганчылыкка чейин барган мисалдар айтылды. Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Жерге-Тал айыл өкмөтүнүн башчысы Гүлмайрам Үчүгөнөва конститутциянын эӊ чоӊ бутагы жергиликтүү бийлик болуш керек деп эсептейт. Ага дагы башкалардай эле борбордук бийликтин айыл өкмөттөргө койгон ашыкча талаптары жакпайт. Мындай мамиле элеттиктерге кедергисин тийгизип жатат дейт.

Гүлмайрам Үчүгөнова. Ак-Талаа районундагы Жерге-Тал айыл өкмөтүнүн башчысы.  

Ой-пикир кошуу

кирүү