Жогорку Соттун төрайымы Айнаш Токбаева: “Кылмыш иши козголгон судьялардын күнөөсү канчалык экенин иликтөө менен тергөөдө баа берилет”

Жогорку Соттун 3 (үч) судьясына козголгон кылмыш иши туурасындагы мындай пикирин Жогорку Соттун төрайымы Айнаш Токбаева бүгүн, 3-июль күнү сот тармагынын ишмердигине байланыштуу журналисттерге берген маалымат жыйынында билдирди. Эскерте кетсек, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы көзү азиз акын Темирлан Ормуковдун иши боюнча Жогорку Соттун 3 (үч) судъясына кылмыш ишин козгоду. Азыр тергөө иштери жүрүп жаткандыгына байланыштуу ал судъялардын аты-жөнү ачыктала элек.

Айнаш Токбаева Жогорку Соттун төрайымы

Жогорку сот төрайымы билдиргендей  Жогорку соттун үч судъясына козголгон иш боюнча соттордон турган кеӊеш азырынча жыйынга чогула элек. Сотторду кылмыш же административдик жоопко тартуу үчүн жобого ылайык ушул кеӊеш өз макулдугун бериши керек. Буга чейин Жогорку соттун судъяларына кылмышы иши козголбогондуктан жобо иш жүзүндө кандай иштегени белгисиз.

Маалымат жыйынга келген журналисттер адатынча ыӊгайсыз суроолорду берди. Буга төрайымдын трайбализм маселесине болгон көз-карашы, анын ичинде сот системасында иштеген туугандары жана камактагы саясатчылар боюнча суроолор кирет.

Айнаш Токбаева Жогорку Соттун төрайымы

Жогорку соттун басма сөз катчысы Сюита Соурбаеванын айтымында Жогорку сот журналисттер менен коомчулукка ар дайым ачык жана массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү кызыккан суроолорго жооп берүүгө даяр. Ал үчүн Жогорку соттун төрайымы ар ай сайын журналисттер менен сөзсүз түрдө жолугуп туруу салтын улантууда.

Сүрөт: KP Жогорку Соту

Ой-пикир кошуу

кирүү