Темирлан Ормуков: «Мага жарым жартылай калыстыктын кереги жок. Менин конститутциялык укугум эки жылдан бери эле бузулуп келе жатат»

Көзү азиз активист Темирлан Ормуковдун «Эркиндикке болгон конститутциялык укугу бузулган» деген айыптын негизинде Башкы прокуратура 2-июль күнү Жогорку Соттун үч судъясына кылмыш ишин козгогон. Ошондой эле, кылмыш-жаза кодексинин «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу», «Шалаакылык» жана «Адамды мыйзамсыз кармоо» беренелери боюнча Бишкектин №1-тергөө абагынын кызматкерлерине да кылмыш иши козголгон. Анткени, Темирлан Ормуковдун жазган арызын Жогорку соттун судъялары өз убагында караган эмес  жана №1-тергөө  абагы аны камакта 12 күн ашыкча кармаган деп айып тагылып жатат. Бул боюнча Темирлан Ормуков телефон аркылуу Precedentinfoго интервью берди.

Үстүбүздөгү жылдын 3-июль күнү Жогорку Соттун төрайымы Айнаш Токбаева журналисттердин суроосуна жооп берип жатып ошол кылмыш иши козголгон судъялар ким экенин билбей турганын айткан.Темирлан Ормуковдон сураганынбызда ал соттордун арасында Жогорку соттун төрайымынын орун басары Качыке Эсенканов бар экенин тастыктады.

“2016-жылы майыптар катышкан митингдерди Дастан Бекешев уюштурган”

Көзү азиз акын Темирлан Ормуковтун айтымында анын артынан куугунтук 2015-жылы эле башталган. Ошол жылы майыптарга үй бөлүштүрүү туура эмес жүргөн деп нааразы болгондор бат-баттан митингге чыгып турушкан.  Ормуков ошол убакта кыргыз азиздер коомунун борбордук башкармалыгында координатор болуп иштеген. Анын айтымында митингге кыжыры келген ак үйдөгү аткаминерлер «Майыптар митинг кылып жатышат, карабайсыӊарбы»-деп телефон чалган. Темирлан Ормуков барып, чогулгандардын жарымынан азы гана майып, калганы такыр эле чоочун кишилер экенин билип, бул маселе боюнча Жогорку Кеӊештин депутаттары Жанар Акаев жана Садык Шер-Нияз менен жолугуп сүйлөшкөнүн айтат. «2016-жылдын май айында буга чейинки майыптар аралашкан митингдерди Жогорку Кеӊеш депутаты Дастан Бекешев уюштуруп жүргөнү билинди»-дейт Темирлан Ормуков.

Ошол убакта Жогорку Кеӊештин социалдык маселелерди караган комитети бул митингдерди жана азиздер коомунда түзүлгөн кырдаалды иликтеш үчүн бардык тарап, анын ичинде прокуратура кызматкерлери да кошулган паритеттик комиссия түзүлсүн деген чечим чыгарат. Темирлан Ормуковтун айтымында ар тараптын кызматкерлери чогулбай эле Дастан Бекешев өзү баш болуп 5 адамдан турган комиссия түзүп, көп жылдан бери азиздер жана дүлөйлөр коомун жетектеп турган Калык Мамбетакуновду каралаган маалыматтарды мамлекеттик телеканал аркылуу таратат.

“Жогорку Кеӊеш депутаты Дастан Бекешев менен болгон келишпестиктерден улам социалдык тармактарда 8 сап ыр жаздым”- дейт активист.  Жыйынтыгында Дастан Бекешевдин жазган арызынын негизинде Темирлан Ормуковко 2017-жылдын 2-февралында кылмыш иши козголуп, куугунтукка алынат. “Тергөө учурунда эч кандай көрсөтмө бербей сүйлөбөй койсом да эки айдан кийин иш сотко өткөрүлдү”-дейт Темирлан Ормуков. Бирок, активист иш сотко өтпөш керек эле, конститутциялык укуктары бузулуп, аесуз тебеленди деп эсептейт.

“Үй камагында болуп, дарыланууга да уруксат алыш үчүн көп убара тарттым”

Темирлан Ормуковко кылмыш иши козголгондон тартып жашаган үйү камакка алынып, өзү ооруканага жатып, жүрөгүнөн операция болгонун айтат. Үй камагында болгон Ормуков дарылануу үчүн Бишкектин сыртына да чыга алчу эмес.

Ошко шахмат  боюнча турнирге кетиш үчүн уруксат кагазын  берем деп Ормуковду чакырган тергөөчү ошол жерден анын колуна кишен салып, камакка алган. Айласы кеткен Ормуковтун кан басымы көтөрүлүп, жүрөгү ооруган. Анын айтымында “дарыгер чакырып бер”- деген өтүнүчүнө тергөөчү көӊүл бурбай, ишенбей койгон. Натыйжада, айласы кеткен Ормуков курсагын тилип,канга боелгондо гана тез жардам кызматы келип, ооруканага алып кетет. Ушундай окуя орун алса да Ормуков кийинчерээк баари бир камакка алынат.Ошол камакта 42 күн отурган Ормуковтун конститутциялык укуктары бузулду деп башкы прокуратура үч күн мурун Жогорку соттун судъяларына кылмыш ишин козгойт.

Жогорку соттун 3 судъясына козголгон кылмыш иши боюнча Темирлан Ормуков атайын арыз жазып кайрылган эмесмин дейт. Камакта отурган 12  эмес, бардык 42 күн мыйзамсыз болду деп эсептээрин айтты.

Темирлан Ормуковтун айтымында үстүбүздөгү жылдын 20-июль күнү Октябрь райондук сотунда  2017-жылдын 2-февралында Ормуковтун үстүнөн козголгон иш боюнча алгачкы соттук отурум болоору күтүлүүдө.

Сүрөт: Азаттык Үналгысы

Ой-пикир кошуу

кирүү