Милиция кызматкерлери аесуз зордуктаган Наргиза Раджапованын арызын тартип комиссиясы канааттандырган жок

Оштогу милиция кызматкерлери тарабынан аесуз зордукталган Наргиза Раджапованын үстүнөн козголгон эки кылмыш иши бир жарым жылдан бери созулуп келе жатат. Наргиза Раджапованын айтымында 2017-жылдын март айында өз машинесинде өлүк табылган милициянын подполковниги Таирбек Уларовдун өлүмүнө айыптап кармап, кылмышты мойнуна алдыруу үчүн зордуктап кыйнашкан.

Ош облустук сотунун судьялары Шамшиев,Жусупбаев жана Абдылдаевтер Раджапованын үстүнөн козголгон эки ишти да, эки ишке катышы бар делген Раджаповалардын үй-бүлөсүнүн бардык мүчөлөрүн да соттоого катышкан. Наргиза Раджапова ар бир ишти кароодо жана ага карата мыйзамсыз өкүмдөрдү чыгарган ушул соттордун үстүнөн тартип комиссиясына арыз менен кайрылган. Ал арыздын негизинде Кымбат Архарова төрайымдык кылган тартип комиссиясынын отуруму бүгүн 19-июль күнү болду. Ага, Ош облустук сотунун судьялары Шамшиев менен Абдылдаев гана катышты. Арызда жазылгандай  Наргиза Раджапова Ош облустк сотунуну судьялары чыгарган өкүмдөрдүн мыйзамдуулугун жана соттук отурумдардагы мыйзам бузуулары жөнүндө айтып берди. Тартип комиссиясынын бүгүкү курамы убакытты көпкө созбой тез эле чечим чыгарды.Ага ылайык Наргиза Раджапованын арызы канааттандырылган жок. 

Ой-пикир кошуу

кирүү