Үлгүлүү парламент

 

Үлгүлүү парламенттин ишине катышууга чакырабыз.

Ушул иш-чаранын негизги максаты – парламенттик талкуунун шарттарын иш жүзүндө, амалда түзүү. Жарандар парламент кандай иштеши керектигин жандуу элестетиши жана шайлоочулар Жогорку Кеңештин маани-маңызы, андагы жол-жоболор жөнүндө жеткилең түшүнүк алышы үчүн, Үлгүлүү парламент мүчөлөрү анын жалпы жыйындарын жана комитеттеринин чогулуштарын окшоштуруп, элестүү кылып сүрөттөп бериши керек.

Андай талкууга, коомго жандуу таасир эткен жана жол-жоболорго тийиштүү маселелер коюлат. Башкача айтканда, бул парламенттеги жүйөлүү жарыш сөз, пикир алышуу, өз көз караштарын жактоо, парламенттик жол-жоболорду сактоо кандай болушу керектигин жана жарандардын таламдарын коргоону элестүү кылып көрсөткөн, сүрөттөгөн коомдук окутуу болуп калаар эле. Мындай демилге жарандардын да, балким, Жогорку Кеңеш депутаттарынын да жандуу кызыгуусун пайда кылмак. Бул жаатта эки жалпы (пленардык) жыйын жана комитеттердин үч чогулушун өткөрүү болжолдонгон.

Биздин оюбузча, парламенттин машыгуу үлгүсүнө катышкан студенттер жана ыктыярчылар, парламенттик укук боюнча ыкчам окуу курсунан өтүп, ошол эле учурда тийиштүү илим-билимге ээ болушат жана демократия принциптери, демократиялык институт катары парламенттин табияты, анын мамлекеттеги маани-маңызы жөнүндө түшүнүк алып калышат.

Машыгууга катышуу үчүн жана андан ары Үлгүлүү парламенттин баштапкы жыйынын өткөрүү максатында биз ыктыярчылардын жана жогорку окуу жайлардын студенттеринин арасында жигердүү тандоо жүргүзүп жатабыз.

Ушуга байланыштуу, биз бул иш-чарабызга катышууга чакырабыз.

Эгерде катышкыңыз келсе, Google аркылуу тийиштүү үлгүдөгү билдирме жибериңиз. Аны төмөнкү жолдор аркылуу тапсаңыз болот:

1) Билдирме үлгүсүнүн түздөн-түз шилтемеси: https://docs.google.com/forms/d/e/1FAIpQLSe7eH2I-K9Ggh7qeU20UnKDS5iJRU4rYoQKBV2SjmNVXdonGg/viewform?gxids=7757

2) «“Прецедент” өнөктөш тобу» коомдук бирикмесинин (@precedentpartnergroup) Фэйсбук коомдук тармагындагы баракчасы: https://www.facebook.com/precedentpartnergroup

3) Төмөндөгү тарапка да кайрылсаңыз болот:

Бермет Жаныкулова,

тел. +996 775 69 12 16,

эл.почта: dzhanykulova.b@gmail.com

Ой-пикир кошуу

кирүү