Салык жана башка мыйзамдардын сапаты үчүн

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдиргендей, бүгүн, 2017-жылын 5-январында, атайын өткөрүлгөн  Жумушчу жыйындын катышуучулары Салык кодексин өркүндөтүү жаатында дыкат иш алып баруу зарыл экендигин белгиледи

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппарат жетекчиси Абдыманап Кутушев Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетти тейлеген бөлүмдүн кызматкерлери менен айрым талаш-тартышты жараткан мыйзамдарды алга жылдырууга, коомчулукка көйгөй жараткан айрым маселелерди чечүүгө багытталган жумушчу жыйын өткөрдү. Иш-чарага КР Жогорку Кеңешинин Аппарат жетекчисинин орун басарлары Сүйүнбек Касмамбетов менен Тажимамат Шаболотов катышты.

Жыйында Жогорку Кеңештин Аппарат жетекчиси Абдыманап Кутушев тармактык комитетти тейлеген бөлүмдөр эң башкысы мыйзам долбоорлорунун сапатына дыкат көңүл бурушу керектигин баса белгиледи.

ЖК Басма сөз кызматынын башчысы Ибраим Нуракун уулу жарыя кылган маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө КР Салык кодексининин жаңы редакциясынын тегерегинде сөз болуп, бул багытта түзүлгөн ведомстволор аралык комиссиянын алкагында тийиштүү тараптардан түшкөн сунуш-пикирлер жаатында тыкан иш алып баруу зарылдыгы айтылды. Мындан сырткары, аталган комитеттин эксперттери эң мурда экономикалык өңүттөн алып карап, мыйзам долбоорлорун корутундулоо керектиги жөнүндө сөз болду. Ошондой эле Евразия экономикалык биримдигинин жаңы Бажы кодексинин айрым жагдайлары такталды.

Комитет бөлүмүнүн эксперттери Жогорку Кеңештин календарлык планына киргизилген мыйзам долбоорлорун, аларды кабыл алуу мөөнөтүн жана башка жагдайларын талдоо боюнча маалымат берип, ар бир комитетте мыйзам чыгаруу топтому (портфели) болушу керектиги боюнча ой-пикирлерин ортого салышты. Баарлашуунун жүрүшүндө мыйзам чыгаруу жараянындагы мүчүлүштүктөрдү четтетүү жаатында Жогорку Кеңештин регламенти жөнүндө мыйзамга түзөтүү киргизүү зарылдыгы да байкалды.

Жыйын соңунда анын катышуучулары мыйзам долбоорлоонун сапатын жакшыртууга ар тараптуу иш-аракет жүргүзүү, кабыл алынып жаткан мыйзамдар боюнча эксперттик көз караштагы материалдарды коомчулукка жарыялоо жана башка маселелер боюнча орток пикирге келишти.

Эске салсак, Жогорку Кеңештин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков тармактык комитеттин бөлүмдөрүнүн кызматкерлери менен болгон жолугушууда айрым мыйзам долбоорлору боюнча тармактык министрликтердеги тиешелүү эксперттер менен биргелешип иш алып барып, мыйзамдардын сапатын жогорулатуу, ошондой эле талаш-тартыштуу жагдайларды четтетүү маселеси боюнча атайын тапшырма берген эле.

[SvenSoftSocialShareButtons]

Добавить комментарий

вход