Татыктууну тирүүсүндө сыйлай бер…

Жакында Жалал-Абад областынын Аксы районундагы Жол-Сай айылында ушул жерде жаңы эле курулуп бүткөн фельдшердик-акушердик пунктка дарыгер Асан Мамытовдун аты салтанаттуу кырдаалда ыйгарылды

Бул окуя кадыресе көрүнгөнү менен, аны катардан ажырата бөлүп турган эки өзгөчөлүгү бар: биринчиден, ФАПка аты коюлган кишинин көзү тирүү, ал азыр Бишкекте эмгектенип жатат; экинчиден, ал медицина тармагы аркылуу карапайым калкка эмгеги сиңирген болсо да, аны айылдагы демилге топ аты коюла турган дагы 5-6 талапкердин катарына коюп, мыктынын мыктысы деп тандап алган. Болгондо да, башка талапкерлер, аларга так ошол дарыгер атаандаш болгонун угуп, жарышка катышуудан өз ыктыярдуу баш тартышкан.

ФАПтын курулушу 3 миллион сомду талап кылса, анын эки жарым миллионун мамлекет бөлүп берген. Ал эми калган жарым миллион сомду жергиликтүү бүжет, мекемеге аты коюлган дарыгер Асан Мамытов жана өмүрлүк жолдошу Уултай менен жергиликтүү калк жыйнап берди.

Кызыл-Туу айыл аймагындагы Жол-Сай айылынын тургуну, демилге тобунун жетекчиси Абдыкул Малабаев билдиргендей, көнүмүш адаттан сырткары, жаңы эле курулган ФАПка ат коюу демилгесин айылдыктар өздөрү көтөрүп, колдоп берди:

— Элибиздин бардыгы ыраазы болушуп, ушул агабыздын аты түбөлүк калсын деп, жакшы демилге көтөрүп берди, себеби айылыбыздын өнүгүшүнө тынбай кызыгып, колдон келген жардамын берип турат. Биздин айылда 200 түтүн бар. Бул жерде 606 шайлоочубуз жашайт. Элибиздин ынтымагы жакшы, биз дал ошондон улам ушул ийгиликке жетиштик. Бул жерге Асан Мамытовдун эң чоң салымы бар, агабыз өзү адистиги боюнча ЛОР-врач, Жалал-Абад областынан тартып өлкөбүздүн көптөгөн башка шаарларда, республикалык масштабда эмгеги сиңирген. Анын атын коюуга талапкердигин кадыр-жүзү менен эл өзү тандап алды. Биз бул үчүн ыраазыбыз, — дейт Абдыкул Малабаев.

Былтыр ажы болгон карыя эне, 87 жаштагы Пашакан Мамадалиева, кыш кыроого карабай, аземге келип, өзү катышкан. Ал бүтүндөй айыл калкына кызмат кылчу мындай ыйык ишке чын ыкластан батамды бердим, дейт:

— Мен абдан сүйүндүм. Өзүбүздүн жети атабыз ушул жерде өткөн. Туулган жерине соопчулук кыла берсин. Өмүрү узун болсун, дени сак, аман-соо болсун. Ушинтип тапкан-топтогонуна Аллах береке берсин. Бала-чакасынын мартабасын берсин. Дүйнө тургуча, турсун, — деп батасын берди карыя эне.

Өзүнүн 70 жылдык өмүрүнүн 45 жылын Асан Мамытов Кыргызстандын ар кайсы булуң-бурчтарында өз кесиптик парзын өмүрлүк жолдошу Уултай менен бирге өтөп жүрөт. Алар азыр да Бишкек шаарынын айланасындагы Озёрное айылында жашап, дарыгер агай жергиликтүү оорукананы жетектеп келет. Жол-Сай айылындагы ФАПка ат коюу аземинде ардагер адиске Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Ардак грамотасы ыйгарылды.

Ал эми өзү туулуп-өскөн Аксыдагы Кызыл-Туу айыл аймагы калкынын колдоосунда, айылдык кеңеш бул медициналык мекемеге Асан Мамытовдун атын ыйгарууну токтом кылды. Ошол эле токтом аркылуу дарыгерге «Ардактуу атуул» деген наам берилди. Бул аземде калкка кайрылган маараке-той ээси толкунданып сүйлөдү:

— Фельдшердик-акушердик пункт ушул Жол-Сай айылына абдан керектүү деп эсептеймин. Анткен себеби бул жерде карылар, пенсионерлер бар, төрөгөн же боюнда болгон аялдар бар. Бул жер балдарды да эмдей турган аябай керектүү нерсе. Ошон үчүн бул жерде иштеп жаткан фельдшер, акушер, деги медицина кызматкерлери менин атымды булгабай, мени да, элди да сыйлап, ушул жерде жакшы иштеп берет деген үмүтүм бар.

Жаңы эле ачылган ФАПтын күнүмкү милдеттери жөнүндө фельдшер Атыркан Жапарова айтып берди:

— Бул жерде эки эле кызматкер иштей беребиз. Мисалы, мен, фельдшер, бир ставкада иштеймин. Ал эми акушеркам Айжан Чотонова 0,75 ставкада. Ошондо ал акушерканын милдетин да, анан санитарканын да 0,5 ставкасын аткарат. Көбүнчө участкага барып, үймө-үй кыдырабыз. Анан негизинен биз прививка кылабыз. Ошондо эмдегенибизде, бир айда төрт-беш жолу эмдөөгө чакырып, 50-60 баланы эмдеп турабыз.

Аксы районунун акими Медетбек Айдаралиев билдиргендей, бул элет аймагындагы эң башкы муктаждыктар — негизинен көйгөйү чечилип бүтүп жаткан фельдшердик-акушердик пункттар (ФАП) менен таза суу маселеси.

Мындан беш жыл мурда жергиликтүү калкты суу менен камсыз кылуу 24% түзсө, бүгүн 60%га жетти. Ырасмийлердин маалыматы боюнча, келерки, 2017-жылда ишке ашырыла турган дагы башкы милдеттер — ушул айыл аймагынын жолдорун асфальттап, курулуп башталган мектептерди бүтүрүү.

Бул өтө маанилүү социалдык маселелерди чечүүдө жергиликтүү бийлик жана өз алдынча башкаруу органдарын Өнүктүрүү ислам банкы колдоп келет.

Түшүндүрмө: Кыргызстанда атын түбөлүккө калтыруу жаатында өз алдынча мыйзам болбогондуктан, бул маселе Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атайын токтому аркылуу чечилет. Ошол документке ылайык, маркум болгонуна же көзү тирүүсүнө карабай, жеке инсандардын атын түбөлүккө калтыруу маселесин жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, айылдык кеңештер өздөрү чечет. Ал эми айылдардын, башка калктуу пункттардын аталыштарын коюу же өзгөртүү, жогоруда айтылган өкмөттүк токтомго ылайык, Мекемелер аралык атайын комиссияга жүктөлгөн. Алсак, жакында Чүй өрөөнүндө жайгашкан Жыламыш айылынын аталышы дал ошондой тартипте Жаңгарач деп өзгөртүлдү.

[SvenSoftSocialShareButtons]

Добавить комментарий

вход