Мүрзө үстү — чайыттай ачык асман…

Бүгүн “Манас” аба майданына алып барчу жолдогу Манас айылында бир үй-бүлөнүн төрт мүчөсүнүн сөөгү жерге берилди. Бул кырсык алып кеткен кыркка жакын кишинин арасында ушул үй-бүлөнүн да дээрлик бүт бойдон жанын кыйып кетти. Жаш ата-эненин тун баласы, 1-класстын окуучусу Султан заматта дүнүйөдөгү эң жакын адамдарынан түбөлүк ажырап калды

Turkish Airlines авиакомпаниясынын учагы кыйраганда каза болгон жаш аялдын жездеси Кубат Чекиров бул кайгылуу окуяны баяндап берди:

— Учак кыйрап, өмүрлөрүн алып кеткендер — менин бир тууган балдызым Наргиза Жумакунова, анын жолдошу Азамат Дербишалиев эле. Алар үч балалуу жаш ата-эне болчу. Улуу баласы Султан биринчи класста эле, андан кийинкиси эле бир жаштан кийин мектепке бара элек Актан, анан төрт айлык кызы Райана бар болчу.

Соңку төрт-беш жылдан бери алар ошол учак кырсык болгон Дачи-СУ айылында жашап калышкан. Алар бирөөнүн үйүндө жашашчу, аэропортко жанаша Манас айылында жашаган кайын атасына жакын туралы деп, Дачи-СУ деген жерде бирөөнүн үйүн ижарага алып, квартирада турушчу. Атайын келип, ушул жакта туруп калышты. Экөө тең эле Бишкекте окуган, андан кийин ушул жерде жайгашып калышты эле. Наргизанын ата-энеси Балыкчыдан, күйөө баланыкы Ат-Башыдан болот. Наргиза мага кесиптеш да болуп калат, биз экөөбүз бирге “Кутбилим” гезитинде иштедик. Ал көркөм редактор болуп иштечү, былтыр кызын төрөп, декреттик отпускага чыккан. Анан кызматкер катары дагы, кесиптеш катары дагы аябай жогорку сапаттагы инсан эле. Ушул жактан, мынабул Манас баселкесинен – дээрлик Манас авиабазасынан берки аралыктан дейли — эки баласын жетелеп алып, тээ Ош базарынын жанындагы бала бакчага жеткирип, андан кийин жумушка биринчилерден болуп барып калчу.

Анан өзүн аябай тыкан алып жүрчү, ишинде такыр кынтык жок болчу. Ушул жагынан алганда дагы, Наргиза өтө жакшы адам эле. Бир туугандары менен аябай сый мамиледе болчу, аларды сыйлачу. Өзү да жамандык-жакшылыкта, аш-той болобу, келип, кызмат кылып, тамакты да аябай жакшы бышырчу. Эжекеси Рита, бир туугандары – баары тең эле ыраазы болуп, алкап жатчу.

Анан эми, тилекке каршы, ушинтип ажал кокустан булардын өмүрүн үзүп, алып кетти. Булар жашоолорун жаңы баштап жатышкан. Мындайча айтканда, он гүлүнүн бири да ачыла электе өмүрү кыйылып калды. Булардын негизги жашоосу алдыда болчу…

Өз көзүң көрбөсө, ушундай асман чайыттай ачык күнү бир үй-бүлө дээрлик бүт бойдон жерге берилип жатканын элестетүү кыйын. Бирок маркумдардын туугандары – Наргиза менен Азаматтын кабыргасы кайышып турган эжеси жана кайын эжеси Рита, кайгылуу окуяны мага баяндап жаткан жездеси жана бажасы Кубат – көз алдымда турган соң, ишенбей коюуга арга жок:

— Ошол күнү кадимкидей эле үйдө жатышкан. Эртең менен жаш ата-эне Султан деген 1-класста окуган улуу баласын мектепке жиберип салышкандыктан, ошол баласы аман калды. Андан кийин калган өздөрү эртең менен саат жетиден уйкуда жатышкан да, ошондуктан эмне болгонун билбей да калды окшойт. Наргиза кичинекей кызын бооруна басып, кучактаган бойдой кете берди да… Мен эртең менен, сегиз жарымда таңкы тамакты ичип жаткам, адатымча, тамак үстүндө Интернеттеги жаңылыктарды окуйм. Ошондо ушул айылга учак кулап түшкөнүн саат 9дан өткөндө билдим. Анан саат 10го жакын мага жумушка телефон чалып, Наргизанын кайын атасы, менин бажамдын атасы Рахат ушул кабарды айтты. Көрсө, Рахат куткаруучулар да бара электе, биринчилерден болуп өтө эрте барып, топого жуурулушуп жаткан денелерин таап, тааныптыр. Бирок ошол күнү кечинде баары бир денелерди моргго алып барышты. Ал жерден биротоло таанып, жууп-тазалап, таңып беришти, ошол жактан ушул Манас айылына, баселкесине алып келип, мына бүгүн сөөгүн жашырдык…

Оор жоготуудан жаны жай ала албай жаткан кишилердин кайгысын өздөрүндөй сезүү кыйын. Ошентсе да, башыңа мүшкүл түшкөндө, жумурай-журттун колдоосу маанилүү эмеспи. Кубат Чекиров бул жаатта ушуларды айтып берди:

— Бардыгы эле жардамга колун сунуп жатышат. Президенттик аппараттан 100 миң сом алып келип, жардам беришти. Өкмөттөн 70 миң сом алып келишти. Андан сырткары, билим берүү жана илим министри дагы акчалай жардам көрсөттү. Андан кийин, аман калган баласынын окуусуна көз салып турмакчы болду. Мындан тышкары, “Золотой дракон” (“Алтын улуу”) деген оюн-зоок борборунун өкүлдөрү: “Балдарга эмне жардам көрсөтө алабыз?” – деп келди. Мына, ушундай…

Гонкоң —  Бишкек – Ыстанбул каттамында бара жаткан  «Боинг 747-400» учагы 16-январда болжолу менен таңкы саат жети жарымда «Манас» аба майданына жакын аймакта кыйраган. Бул кырсык 40-ка жакын адамдардын өмүрүн алып кеткен.

“Прецедентинфо” жаңылыктар кызматынын жамааты Кыргызстан жана Түркия жарандары болгон маркумдардын бардык жакындарына кошо аза күтүп, чын ыкластан көңүл айтат жана аба кырсыгында жабырлангандарга айыгып кетишин каалайт

[SvenSoftSocialShareButtons]

Добавить комментарий

вход