Жүк ташуучулардын дээрлик теңи – мыйзам бузуучулар

Мамлекеттик салык кызматынын өкүлдөрү стратегиялык маанидеги «Бишкек — Ош» авто жолунда жайгашкан «Сосновка» көзөмөл-өткөрмө пунктунда 4227 авто унаадагы жүк ташуучулардын дээрлик жарымынан мыйзам бузууларды тапкан

МСК басма сөз кызматы билдиргендей, ушул жылдын 1-январынан тартып 31-майга чейин «Сосновка» КӨП Кызмат көрсөтүү борбору жүк ташууларды эсепке алуу журналына күйүүчү май ташыган 5 миң 496 автомашина жана башка жүк менен 4 миң 227 авто унааны каттаган. 

Ар кандай жүктөрдү ташыган авто унаалардын ичинен салык мыйзамдарын бузгандыгы үчүн 1 миң 991 чарба субъекттерине рейддик салык көзөмөл акттары түзүлүп, бул жалпы авто унаанын 47,1% түзгөн. Алардын ичинен патенти жок болгондугу үчүн – 1 миң 454 акт, патенти жок жана 4-топтогу мүлк салыгын төлөбөгөндүгү үчүн – 61, патенттин мөөнөтү өтүп кеткендиги үчүн – 7 жана башка бузуулар үчүн – 418 акт түзүлгөн.

Ошондой эле, 5 ай аралыгында Кызмат көрсөтүү борборунда 33 салык төлөөчү катталып, 195 жеке ишкерге жалпы 1,1 миллион сомго патент берилген.

Мындан тышкары, жыл башынан бери пломбасы жок жана коштомо кагаздары күмөндүү болгон 113 миң 702 литр күйүүчү май ташыган 3 авто унаа кармалып, рейддик салыктык көзөмөл актысы түзүлгөн. Алар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын (Финансы полициясынын) Жайыл жана Панфилов райондук башкармалыктарына өткөрүлүп берилген.

«Сосновка» КӨП Кызмат көрсөтүү борбору 2016-жылдын 24-августунда ырасмий түрдө ачылган.

Аталган борбордо ишкерлерди тейлөө боюнча (каттоо, патент берүү, отчетторду кабыл алуу) 3 терезе, ошондой эле салык төлөмдөрүн кабыл алуу боюнча бир терезе жана ушул эле максатта төлөм терминалы күнү-түнү иштөөдө.

Азыркы учурда, Кызмат көрсөтүү борбору толугу менен уюштуруу техника, эмерек жагынан жабдылып, Интернет-байланыш жана ИСНАК атайын программасы менен камсыз кылынган да, салык төлөөчүнүн бурчу жайгаштырылган жана коррупцияга каршы күрөш жүргүзүү максатында күнү-түнү иштеген видео байкоо каражаттары орнотулган.

Мамлекеттик салык кызматын өнүктүрүү стратегиясынын алкагында, бул мекеме салык төлөөчүлөрдү ыкчам жана сапаттуу тейлөө, жарандар өз салык милдеттенмелерин так аткарышы үчүн заманбап ыңгайлуу шарттарды түзүү саясатын кезеги менен ишке ашырып келүүдө.

Добавить комментарий

вход