УКМК: жоочу колго түштү

Бүгүн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет билдиргендей, мурдарак өткөрүлгөн контртеррористтик атайын иш-чаралардын натыйжасында  террордук акция  өткөрүүнү көздөп жаткан М.А. кармалды

Атайын кызматтын өкүлдөрү маалым кылгандай, эл аралык террористтик уюмдун мурдагы күнү, 6-июнда, колго түшүрүлгөн мүчөсү мина жардырууну үйрөнүп, жан кечти катары атайын идеологиялык даярдыктан өтүп келгендиги аныкталды. Ал ошондой эле ЭТУ башчыларынын буйругун күтүп, калайык-калк жыш чогулган коомдук жайда өзүн-өзү жардырууга камданып, колдо жасалган жардыруучу аспапты даярдап жаткан.

УКМК басма сөз борборунун маалыматына ылайык, кармалган адамдын жашаган жеринен ыкчам-тергөө иш чараларын өткөрүүдө колдо жасалган жардыруучу аспаптын тетиктери, аны жасоонун нускамалары, аудио- жана видео-материалдар менен экстремисттик мүнөздөгү адабият, гранаталар, ар кандай калибрдеги ок-дары табылган.

УКМК тергөө органдары тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 299-1, 28-226 жана 241-беренелери боюнча кылмыш иши козголду.

Кармалган жаран УКМК тергөө камак жайына киргизилди. Тергөө жүрүп жатат.

 

Добавить комментарий

вход