Нурбек Токтакунов: Экс-президенттин кол тийбестигин толугу менен жоюп салыш керек

Буга чейин мен экс-президенттин кол тийбестигин жокко чыгарыш керек, азыркы президентке импичмент жарыялоо сыяктуу экс-президенттин кол тийбестигин алып салуу боюнча иш-чараларды киргизүү керек деп эсептечүмүн. Азыр болсо, жаӊы президентти карап туруп экс-президенттин кол тийбестигин такыр эле жоюп салыш керектигин түшүндүм. Экс-президентти биздей эле жөнөкөй адам катары баардык нерсеге жоопту кылыш керек. 

Ошондо Жээнбеков сот системасы менен укук коргоо органдарын реформалоого киришүүгө аргасыздан мажбур болот. Кайсы жерде сот бийлиги адилеттүү жана көз карандысыз болсо ошол өлкөдө мурдагы мамлекет башчыларынын кол тийбестиги жок. Ушундай өлкөлөрдө татыктуу президенттер өзүнүн артынан саясий куугунтук болот деп коркушпайт. Күч органдары менен соттор кылмыштуулук менен саясатты айырмалай билип иш жүргүзүшөт.

Андыктан, мен Атамбаевке өзү президенттик кол тийбестиктен баш тартышын сунуштайт элем. Сонун болмок! Анткени, күз айларында парламентте да, конститутциялык палатада да президенттин кол тийбестигин алып салуу маселеси каралып баштайт. 

Кылмыш боюнча мыйзамда мындай мүмкүнчүлүк каралган. Эгерде кылмыш иши козголбосо же калыбына келтирбей турган негиздер менен токтотулган болсо анда мыйзам куугунтукталган субъекттин макулдугун алат. Эгерде субъект кылмыш ишинин ушундай жагдайда токтотулганын каалабаса анда ал иштин толугу менен иликтенишин жана калыбына келүүнү талап кыла алат.

Азыркы катар-катары менен жүрүп жаткан камоолор акыр түбү жетиштүү сандагы адамдардын  Атамбаевке кол көзөп көрсөтөөрүнө алып келет. Азыркы ажо тарапка ийилип кача өткөн парламент эртеби кечпи ушундай кол козөөлөрдү баштаары турган иш. Ошондо түзүлгөн кырдаалга өчөшүп, Атамбаевтин ушул саясий жүрүштөрдү алдын алууга мүмкүнчүлүктөрү бар. Ал самурайлардай боло турчу окуяларга өзү бет алып кадам ташташ керек. Бул адаттан тышкаркы топ жарган окуя болмок. Ошондо парламент экс-президенттин кол тийбестик макамын толугу менен алып салууга милдетүү болот. Жээнбеков болсо сот системасын олуттуу түрдө реформалоого айла жоктон киришмек.  

Автордун ою редакциянын саясаты менен төп келбеши мүмкүн

Сүрөт: Kloop

Ой-пикир кошуу

кирүү