Кемсинтүү деген жүйө эмес

Сүрөт: Азаттык Үналгысы

Тексттин автору: Гүлнур Төралиева

Өткөн жылдын 9-ноябрында «Ачык саясат плюс» гезитинин  №41-санында жарыяланган «Абдыгулов кол тийбес “моло ташпы”?» («Абдыгулов “священная корова»?», Gezitter.org) аттуу макала журналисттик эрежелер менен адеп-ахлак ченемдерин одоно түрдө бузуп даярдалган

Аталган макала Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгуловго карата кемсинтүү сөздөрдү камтыйт. Мисалы, макаланын автору аны «башка планеталык абийири жана ар-намысы жок келгин» деп кемсинте мүнөздөгөн. Андан ары автор Улуттук банк тарабынан Абдыгуловдун насыясынын эсептен чыгарылышын «жүзү каралык» деп сыпаттаган, анын үстүнө ал тийиштүү окуянын эч бир чоо-жайын да,  уюмдун өзүнүн иш-аракеттеринин мыйзамдыгы тууралуу түшүндүрмөлөрүн да келтирген эмес.

Кыжыры кайнаган автор макаласын башынан аягына чейин өзүнүн жеке гана ой-пикирине негиздеп, эркин эксперттердин көз карашына кызыгып да койгон эмес. Жемкордуктун так фактылары келтирилбестен, ошол эле учурда аталган иш-аракет «мыйзамдаштырылган жемкордук» деп мүнөздөлгөн .

Жогоруда аталган материалда так түзүлүш, анык фактылар, эксперттердин, анын ичинде атаандаштардын, ой-пикирлери жок, ачыктан-ачык айыпталып жаткан тараптын көз карашы чагылдырылган эмес. Автор өзү козгогон маселени чагылдырып жатканда анын аныктыгы, тең салмактуулугу, калыстыгы сыяктуу журналисттик эрежелерди деги эле жокко чыгарып салган, материалдын тили да алдын ала бир беткей максатты козгоп жатканы даана билинип турат. Жетиштүү  маалыматы жок окурман ал турсун эмне жөнүндө кеп болгондугун деги эле түк билбей кала берүүдө.

Мурда айтылгандардын ордуна окуянын себептерин, чоо-жайын баяндап, Улуттук банктын чечиминин мыйзамдуулугу сыяктуу «оң» жүйөлөрдү, ошондой эле таламдардын ыктымалдуу кагылышы, уюм жетекчилигинин чечиминин адеп-ахлакка карама-каршы келгендигин, андай чечим максатка ылайыктуу эместиги сыяктуу «терс» жагдайларды белгилеп, каршылаш турган эки көз карашты тең абройлуу адистердин ой-пикирлери, мыйзамдардын жоболору жана ушул сыяктуу эл аралык тажрыйбадан алынган мисалдар менен негиздесе болмок. Айыпталып жаткан тарапты акарат кылбастан, кемсинтпестен келтирилген жана жакшы негизделген «терс» жүйөлөр деле, Улуттук банктын чечимине нааразы болгон окурмандарга да  кеңирирээк таасир этип, алар тарабынан жандуурак кабыл алынмак.

Маалымат булагы: «Ачык саясат плюс» гезити, №41, 09.11.2018/5-бет, орусчасы деп жарык көргөн.

Редакция автордун ой-пикирин сөзсүз колдойт дегендикке жатпайт

Ой-пикир кошуу

кирүү