Сын пикир: жооп берүүнүн адилеттүү мүмкүнчүлүгү

Тексттин автору: медиа-эксперт Гүлнур Төралиева

Кыргызстандагы жалпыга маалымдоо каражаттарынын жүздөгөң маалымат-макалаларын талдап чыккан соң, алардын көбү журналисттик адеп-ахлактын башкы эрежелеринин бири болгон, журналисттер сынга алган ар бир кишиге же уюмга кечиктирбестен жооп узатуу үчүн мүмкүнчүлүк берүү укугун одоно түрдө бузгандыгына ынанасың. Бул «илдет» кыргыз тилдүү кээ бир гезиттерге гана эмес, башкы маалымат агенттиктерге да мүнөздүү.

Алардын айрымдары: «Баланча уюмдун өкүлүнө же кызматкерлерине түшүндүрмө алуу үчүн жетишүүгө болбоду» деп, маалымат керектөөчүлөрүнүн көңүлүнө көк талкандай тийип бүткөн ушул сүйлөмдү кулакка куя берет… Сиз ушундай маалыматка ишенесизби? Мындай учурларда менин ишенимим ошол журналист ким экендигине же ал кандай ЖМК экенине гана байланыштуу.

Дүйнөдө кеңири тараган тажрыйбага ылайык, кимдир бирөө журналисттердин үстүнөн алар жалаа жапты деп сотко берген учурларда, ошол жарыяланган сын пикирге жооп катары өз ой-пикирин же түшүндүрмөлөрүн билдирүүгө, болгондо да, ошондой эле көлөмдө, кабыл алууга боло турган түрдө, какшыксыз жана мазактоосуз,  редакциянын көз карашын таңуулабай жана кай бир ой-пикирдин маанилүү экендигинен шек санаган божомолдорду жар салбастан жарыялоо үчүн адилеттүү мүмкүнчүлүктү жеке инсанга же уюмга бергендигин далилдеши абзел.

Тилекке каршы, бизде атаандаш тарапка ошондой толук кандуу мүмкүнчүлүк берүүнүн ордуна, аны журналисттик адеп-ахлакка формалдуу гана ылайык келтирмиш болуп, иш жүзүндө аны адилетсиз жүзөгө ашырып, атаандаш тараптын ой-пикиринин туура экендигинен «шек санашат» да, ал турсун сындалып жаткан тарапты шылдыңдап да коюшат.

Ошондой эле дүйнөдө журналисттер сотто өздөрүн жактаган учурда, алар чынында эле телефон чалып, жооп же түшүндүрмө алуу үчүн, маектешүү жөнүндө алдын ала келишип алуу максатында кайрылгандыгы тууралуу далилдерди келтиришет. Бизде болсо кээ бир журналисттер бир сааттын ичинде бир нече жолу телефон чалып коюп, «Баланча уюмдун өкүлүнө же кызматкерлерине түшүндүрмө алуу үчүн жетишүүгө болбоду» деген шылтоону бетке кармашат. Бирок ЖМК кызматкерлери ошондой шылтоо табыш үчүн эмес, тескерисинче, тигил же бул суроого чынында эле жооп же түшүндүрмө алыш үчүн ак дилден аракет кылышы керек. Бул максатта коомдук тармактардын, телефон байланышынын, басма сөз кызматтардын, ошондой эле керектүү тараптардын жардамчыларынын, деги кой, кадимки эле почта кызматынын мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланса болот эмеспи.

Албетте, көп учурларда журналисттер чындыгында эле сынга алынып жаткан кишилерден жооп алышка астейидил аракет кылышат, бирок алар жооп бериштен баш тартып, ал турсун качып да жүрүшөт. Эми бул деген таптакыр башка маселе. Кантсе да, мындай учурларда болгон бардык мүмкүнчүлүктөрдөн пайдаланып, көптөгөн Батыш өлкөлөрдүн мыйзамдарына ылайык, сиз ошондой аракет кылганыңызды далилдеп беришиңиз абзел.

Көп кишилер үчүн ЖМК сын пикирлери өтө эле жанга батардык. Ал эми көбүнчө чиновниктер, коомчулукка кеңири таанымал башка инсандар жана карапайым калктын айрым жупуну эле өкүлдөрү  журналисттер алардын кадыр-баркы менен ар-намысына. ишкердик беделине шек келтирген, жалган маалыматтарга таянган сын пикир жарыялады деген дооматтарды жүйө тутуп, журналисттерди сотко беришет. Жарыяланган маалымат кимдир бирөөнү кемсинте турган ыктымалы болсо, аны өзгөчө тыкан текшерүү кажет.

Дүйнө жүзүндөгү тажрыйбада жана журналисттердин кесиптик адеп-ахлагына ылайык, айыпталуучу тарап журналист же ким болсо дагы, аларды жалаа жабуу, мазактоо (диффамация) сыяктуу айыптоолордон коргоонун төмөнкүдөй үч негизги жүйөсү бар:

— сиз айтып жатканыңыз – бул чындык;

— сиз бирөөнүн ой-пикирин чагылдырып же келтирип жатасыз, бирок канткен чакта дагы, ошондой ой-пикир өзү да фактыларга таянып, негиздүү болууга тийиш, автор андай ой-пикир же билдирүү анык экендигине ишениши керек, ал ошондой эле кара ниеттик максатты же алдын ала керт башынын пайдасын көздөбөшү керек;

— мындай сын пикирди сиз өз кесиптик милдетиңизге байланыштуу жарыялоого тийишсиз. Мисалы, эгерде кандайдыр бир ата-эне өз баласынын мугалимин ал окуучусунун жүрүш-турушун сынга алып, аны «бейбаш», «кара өзгөй», «башкаларды сыйлабайт» деп мүнөздөгөнү үчүн сотко берсе, коргонуунун дал ушул жүйөсүнө байланыштуу ал мугалим сотто жакталат (акталат).

Ой-пикир кошуу

кирүү