Kaktus Media: Парламент менен министрлер кабинети ийилип бергени үчүн Сапар Исаков күнөлүүбү? Нурбек Токтакуновдун интервьюсу

Жылуулук энергия борборун (ТЭЦ) модернизациялоо макулдашуусу боюнча мурунку премьер-министр Сапар Исаковко кылымыш иши козголгон. Анын жактоочусу Нурбек Токтакуновко Kaktus.media. көптөгөн суроолор менен кайрылды.

Макаланын түп нускасын kaktus.media сайтынан таба аласыз.

– Коомчулуктун көпчүлүгү сиздин Сапар Исаковту жактаганыӊызды түшүнбөй жатат. Эмне үчүн?

– Ал, мен иштешкен жападан жалгыз Премьер-Министр. Сапар Исаков “Ачык Өкмөт” шериктештигине Кыргызстанды киргизүү боюнча жалгыз өзү демилге көтөргөн. Ал мени жол коопсуздугу боюнча түзүлгөн комиссияга да чакырган. Мен үчүн жетилген саясатчы – бул башкаларды уга билген адам. Сапар Исаков уга да билген, жооп катары айтканын иш жүзүндө аткара да билген инсан. Ал  жарандык коомду уга алды. Коомчулук менен массалык маалымат каражаттарынын суроо-талаптарына көӊүл бөлүп, иши менен жооп бере алды. Ал ар бир жаран үчүн ачык болду.

Дагы көп себептер бар. Бийлик алмашкан соӊ мен жаӊы бийликтин өз билемдик саясатына каршы турууга кызыктым. Анткени, жаӊы бийлик өрчүтүп келе жаткан өз билемдик мамилеге жол бербеш керек. 

Мурунку бийликтин каталарын чукулоо мен үчүн кызык эмес. Баары алакандагыдай ачык көрүнүп турат, эч нерсе өзгөрүлгөн жок. УКМК, прокуратура, сот – мурдагыдай эле жогору жактан келген көрсөтмөлөрдү унчукпай аткарган көзү көр система бойдон калууда.  Булар менен жогорку бийлик ортосунда билинбеген, бирок ар дайым иштеп турган келишим бар. Биринчилери саясий куугунтуктарды уюштурганы үчүн бийлик төбөлдөрү алардын элдин канын ичип атканын көрмөксөнгө салышат. УКМК, прокуратура жана соттор  – бул дайым элди уйдай саап турчу соодагерлер бирикмеси. Булар жогорку бийлик үчүн абдан ыӊгайлуу адамдар.

Ал эми үчүнчү себеп – бул оппозициянын, саясий атаандаштыктын жоктугу. Аларсыз токтотуучу күчтү түзө албайсыӊ жана салмактуулук сакталбайт.

Муну менен мен өз салымымды кошуп атам, ушинтип президенттик түзүмгө каршы туруп жатам.

Мен адвокат-философмун, мен каршылыкты түзүүгө умтулам. Бул аракетим менен мен тузакка түшкөн президентке маанилүү билдирүүлөрдү жөнөтүп жатам деп эсептейм. Бирок ал жарандык коомду укпай жатат.

– Сапар Исаковту ЖЭБти (ТЭЦ) модернизациялоо боюнча жемкорлукка күнөөлөп жатышат. Бул айыптоо канчалык деӊгээлде чындыкка төп келет?

– Коррупция – бул коомдук көрүнүш. Бул кылмыш эмес. Сапар Исаковко эч кандай кылмыш аракеттери коюлган жок. Жемкорлукка күнөлөө – далилдерди чогултуп убара болбой турган эӊ жеӊил жумуш. Эгерде кызмат абалынан пайдаланды же пара алган деген күнөөлөр коюлса анда бул айыптарды далилдеш керек. 

Коюлган күнөөлөрдө укук жагынан такыр логика жок. Тергөөчүлөр Исаковту сөз жүзүндө эле ушул маселерди караган деп күнөөлөп жатышат. Бул жагдайда Исаковтун ыйгарым укуктарынын чеги жок болчу да. Ал өзүнүн ыйгарым укуктарынын алкагында гана иш жүргүзгөн. Ал кайсы эрежени, кайсы мыйзамды бузду?

– Сапар Исаков парламентте сүйлөгөн сөзүндө ЖЭБ (ТЭЦ) боюнча жүргүзүлгөн макулдашууларда өзүнүн ээлеген орду туурасында белгилеп кеткен. Президенттин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы кызматында иштегенде Кытай Эл республикасынын төрагасы Си Цзиньпинь мырзанын Кыргызстанга келген мамлекеттик иш сапарын уюштурууда жооптуу болгонун айткан. Ошондуктан, ал эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн техникалык даярдыктары боюнча документтерге жооптуу болгон. Ал маселелердин ичинде ЖЭБти (ТЭЦ) модернизациялоого Кытай Эл республикасы насыя менен кайтарымсыз каражат берүүсү да бар болчу. Сиздин оюӊуз боюнча бул маселеде Исаковтун орду канчалык?

– Кытай тарап менен болгон макулдашуунун долбоорун Жантөрө Сатыбалдиевдин өкмөтү даярдаган.  2013-жылдын 2-декабрындагы Өкмөттүн №649-токтомунда Сатыбалдиевдин кол тамгасы турат. Кытайдын Эксимбанкы менен болгон насыя макулдашуусун ратификациялоо мыйзам долбоору парламентке жөнөтүлөт. 2013-жылдын 11-декабрында  Жогорку Кеӊеш ЖЭБти (ТЭЦ) модернизациялоо үчүн алына турган насыя менен кайтарымсыз каражат туурасындагы макулдашууну бекитип берет. Ал эми ал документке президент 23-декабрь күнү кол коет.

Бийликте турган ошондогу бардык саясий элита ЖЭБти (ТЭЦ) модернизациялоону, алынган насыяны жана ишти аткарган ишкананы Кытай тарап өзү тандайт деп чечим кабыл алган. Бул боюнча 2013-жылдын 31-октябрында Кытай тараптан “TBEA долбоордун жалгыз аткаруучусу катары бекитилди” деп келген расмий нота күбөлөндүрүп жатат.

2013-жылдын 11-сентябрындагы келишимде жазылгандай Жантөрө Сатыбалдиев TBEA менен түзүлгөн келишимдеги шарттарга жооптуу болгон. Андан ары бул долбоор менен Жоомарт Оторбаевтин Өкмөтү иш алып барган. Анын тушунда долбоордун техникалык экономикалык негиздери боюнча даярдыктар жүргөн. Ал эми Темир Сариев Премьер-Министр болгондо ЖЭБтин эски имараты бузулуп, бардык жабдыктар сатылып алынып жана башка техникалык иштер аткарылган. Сооронбай Жээнбеков болсо ЖЭБти (ТЭЦ) модернизациялоону аяктап, ошондой эле анын учурунда 2017-жылдын 7-июль күнү жаӊыланган имаратты өткөрүп алуу иштери жүргөн. Сапар Исаков Премьер-Министр кезинде ЖЭБти (ТЭЦ) модернизациялоо аяктап калгандыгына байланыштуу бул ишке катышкан эмес.

2013-жылдын 11-сентябрында 91 депутат добуш берип, бул макулдашууну бекитип берген. Алардын арасында Жогорку Кеӊештин азыркы курамынын депутаттары да бар:  Асылбек Жээнбеков, Каныбек Иманалиев, Максат Сабиров, Омурбек Текебаев, Төрөбай Зулпукаров, Кожобек Рыспаев, Сайдулла Нышанов, Бахадыр Сулейманов. Дээрлик бардык депутаттар өзүнө өзү карама каршы барып жатышат. Эгерде, макулдашууну ратификациялоодогу тасманы карасак, алар макулдашууну кооз сөздөр менен аябай жактап өткөргөнүн көрөсүз.

Макулдашуу боюнча бардык каражаттар Каржы министрлигине которулбайт болчу. ЖЭБти (ТЭЦ) оӊдоо үчүн берилген акчалар Эксимбанктан түз эле TBEA кытай компаниясына которулган. Ушундан улам, ЖЭБтеги (ТЭЦ) көбөйтүлүп жазылган баалар маалыматтык чагымчылдык болуп эсептелет. Мындай маалыматтарды таратуунун максаты Сапар Исаков менен айрым атка минерлердин жемкорлукка тиешеси бар деген туура эмес ойду коомдун пикири катары таӊуулоо болуп саналат.

Мен жактап аткан Сапар Исаков ошол мезгилде Премьер-Министр да эмес эле, энергетика министри болуп да иштеген жок, Жогорку Кеӊештин депутаты да эмес болчу. Бардык документтер боюнча президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы катары өз ыйгарым укуктарынын чегинде иш алып барган.

– Исаковту макулдашууну кабыл алды деп эмес, TBEA компаниясынын кызыкчылыгын көздөгөн деп күнөөлөп жатышат.

– Коюлган күнөөнүн ар бир пункту жемкорлордон турган туруктуу кылмыш тобу бар экендигин сөз жүзүндө гана ырастап жатат. Ушундай эле логика менен алар азыр да жашап келет: блогер Мурат Туӊгишбаевди Казакстанга өткөрүп берүү чечимин ошол эле топ кабыл  алган.

– Эки чоӊ бөлүмдүн башчылары Сапар Исаков менен Нурсулу Ахметованын кол тамгасы коюлуп Алмазбек Атамбаевке жазылган кат жөнүндө аябай көп жазышты. Демек ушуну TBEAнын кызыкчылыгын көздөгөн деп атап жатышса керек. Сиздин оюӊуз кандай?

 – Өзүнүн ыйгарым укуктарынын алкагында Исаков президенттик аппараттын каржы-экономикалык анализ жана мониторинг бөлүмүнүн башчысы Нурсулу Ахметова менен өзүнүн түздөн түз жетекчиси Алмазбек Атамбаевке өлкөнүн энергетика тармагына инвестиция тартуу зарылдыгы боюнча аналитикалык кат даярдашкан. Ошол катты мен көӊүл коюп окуп чыктым.  Анда бирөөнүн таламын талашкан эч нерсе жок. Сапар Исаков президент Атамбаевке энергосектордогу акыбалдын начарлап кеткендиги туурасында маалымат берген. Ошондой эле, ЖЭБ (ТЭЦ) жүктөлгөн көлөмдү көтөрө албай бараткандыгын, жылуулук менен электр энергияны берүү боюнча тобокелдиктер боло тургандыгын жана суунун көлөмү азайгандыгын жазган. Ал катта Исаков модернизацияга катышууга кызыкдар болгон бардык компаниялар, алар айткан баалар жана аны төмөндөтүү боюнча ар бир компания менен сүйлөшүү зарылдыгын билдирген. Алардын ичинен бирөөнү өзгөчө бөлүп айткан эмес. 

ЖЭБти модернизациялаган компанияны кытай тарап тандаган,буга Кытай Эл республикасынан келген расмий ноталар далил. Кытай жардам бергени менен долбоор кандай шарттарда ишке ашаарын өзү чечкен.

– Сиз эл алдында “Сапар Исаковко козголгон иш бул саясий каршылаштарга болгон куугунтук”- деп бир нече жолу ырастап айттыӊыз. Эмнеге мындай деп эсептейсиз?

– Алдын ала берилген материалдар менен танышкан соӊ мен айыптоонун укуктук негизин көрбөй турам. Сапар Исаков – бул жемкорлук менен күрөшүп жаткандай түр көрсөтүш үчүн эӊ ыӊгайлуу фигура болуп эсептелет. Массалык маалымат каражаттарында, парламентте жана социалдык тармактарда Исаковтун караланышы, ага кошумча коомчулуктун ызылдашы, айрым адамдардын табалап четте карап турушу аны жемкор катары көрсөтүп койду.

Исаковту камакка алганга чейин депутаттар ага ишеним көрсөтпөгөндөрүн билдиришти, ал эми президент алардын чечимин колдоду. Исаков парламентти “саясий өлүк” деп атады. Депутаттар менен болгон жаӊжал Исаковко кылмыш иши козголо электе башталган. Менин оюмча Исаковтон кийин депутаттар “колдонмо” премьер-министрди дайындашты.

Сапар Исаковту мен канчалык жактаган сайын жана көп мыйзам бузууларды көрсөм дагы  ошончолук саясий куугунтук болуп жатканына жана саясий атаандашты жок кылуу аракети экенине ынандым.  

Тергөөдө кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалангандыгы нак эле көрүнүп турат. Айып таккан тарап каяктагы бир “ыкчам маалыматтар” бар экенин айтканы менен сотко эч нерсе берген жок. Сот дагы ал далилдерди талап кылбай эле, сөз жүзүндө айтылган кептерге ишенип жатат. Соттук угуулар жана тергөө чоӊ мыйзам бузуулар менен өтүп жатат. Ал эми мындай көрүнүш бир гана Сапар Исаков үчүн коркунучтуу эмес. Түзүлгөн прецедент  ар бирибиз үчүн каршы иштеши турган иш.Анткени, ойлоп табылган ыкчам маалыматтарды айтып ар бирибизди түрдүү нерсеге күнөөлөшү мүмкүн.

Негизги, чечүүчү ролду ойногон документтерге кол койгондор жана акыркы чечимди кабыл алгандар жоопкерчиликке тартылышы керек. ЖЭБти (ТЭЦ) модернизациялоодо чечүүчү ролдо Энергетика министрлиги болгон. Негизги жоопкерчилик Осмонбек Артыкбаевте. Ал мыйзам долбоорлорду даярдап тим болбостон, аларды коргоп, чечим кабыл алууда коомчулуктун катышуусуна такыр мүмкүнчүлүк берген эмес. Парламент да, Өкмөт да коомдук угууларды жүргүзгөн эмес. 

Ошондой эле, калыстык үчүн Жогорку Кеӊештин профилдик комитеттеринин жетекчилеринин жоопкерчилигин да карап көрүш керек.

2013-жылдын 11-сентябрында Кожобек Рыспаев Жогорку Кеӊештин отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу комитетинин чечимине кол коюп, насыялык макулдашууну жактырган. Бул долбоор Энергетика министрлиги жана “Электр Станциялары” ААК тарабынан ишке ашырылган. Долбоордогу бардык документтер боюнча бүтүндөй коммуникациялар ушулар тарабынан ишке ашкан. Сапар Исаковтун буга такыр тиешеси жок.

Тагылган айыпта мынтип айтылат: “2013-жылы кызматта отурган Исаков, кызматын пайдаланып өз кызыкчылыгын бийик койгон жана ошондой эле президенттик аппараттын башка мамлекеттик институттарына үстөмдүк менен кылган мамлесин сүрөттөгөн ошол кездеги саясий конъюнктурадан пайдаланган”.

Бул акылга сыйбаган нерсе. Сапар Исаков үстөмдүк кылган системаны түздү деп айыпталып жатабы? Эгерде ошондой болгон болсо, анда бул мыйзамды бузган берене эмес. Үстөмдүк кылган системаны ийилгендер түзөт: бул парламент менен Өкмөт. Башкача айтканда, алар ийилгени үчүн Сапар Исаков күнөлүү.

Ой-пикир кошуу

кирүү