Атактуу адамдар жана үлгү, өрнөк болчу инсандар

Медиаэксперт: Гульнура Торалиева

“Media Literacy Expert” автордук долбоордун алкагында мен демократиялык коомдогу массалык маалымат каражаттарынын орду, мамлекеттик телерадиоберүү, сөз эркиндиги жана журналисттердин жоопкерчилиги жөнүндө түшүндүрмөлөрдү берип турам. Ошондой эле, коомдогу саясатчылар менен жарандык активисттердин коомдогу орду жана аларды гендердик-сезгич жагынан чагылдыруу, журналисттик этиканы сактоо боюнча сөз кылабыз.

Жогорку Кеӊештин депутаты Исхак Масалиевдин социалдык тармактарга жазган ой-пикири массалык маалымат каражттарында чуулган жаратканына байланыштуу бүгүнкү блогумду «коомдук ишмерлер» жана «үлгү болчу инсандар» деген түшүнүктөргө багыштайм.

Коомдук ишмерлер деп коомдук пикир жарата алган жана эл арасында анын артынан ээрчип кете турган таасирге ээ адамды айтабыз. Башкача айтканда, алар opinion makers деп аталат. Мында, критерийлер менен коомдук ишмерлерди аныктоо кыйын. Демейде аларга массалык маалымат каражаттары аркылуу такай көрүнүп турган белгилүү медиа инсандар, ММКлар өздөрү жана социалдык тармактар айтып, көрсөтүп турчу таанымал адамдар кирет. Алар жакшы жагынан да, терс жана кырс мүнөзү менен да коомго таанылган адамдар болушу мүмкүн.  Коом жакшы таанып билген адамдын даӊкы – бул коомдук ишмер деп айтчу критерийлердин бири. Буларга, чоӊ аудиторисы бар жогорку кызматта иштеген аткаминерлер, депутаттар, белгилүү артисттер, актерлор, спортчулар, журналисттер жана блогерлер кирет.

Батыш өлкөлөрүндө ушак-айыӊ таратуу боюнча каралып жаткан соттук иштерде жана коомдо жөнөкөй катардагы жарандарга караганда белгилүү инсандар үчүн жоопкерчилик бир канча жогору турат. Коомдогу көрүнүктүү инсандар башкаларга үлгү, өрнөк болчу адамдар, салыштыра келгенде алар бардык жагынан бийик турчу, ийгиликтүү адамдар. Өзгөчө жаштар көрүп үйрөнүп, өзүн окшоштуруп,аларды туурап, окшош болуу аракетин көрүшөт. Ошондуктан, ийгилик жараткан спортчулар, артисттер менен актерлор башкаларга түздөн түз үлгү, өрнөк болчу инсандар катары каралат.

Коомдук унааларда жүрүүдө, массалык маалымат каражаттарында жана социалдык тармактарда алардын айткан, жазган билдирүүлөрү үчүн жоопкерчилик жүгү артылып, коомчулук тарабынан катуу көзөмөлгө алынып турат.

Атактуу инсандар коомдо айткан, көрсөткөн билдирүүлөрү жана ошондой эле социалдык тармакта калтырган ой-пикирлери үчүн чоӊ жоопкерчилик тартат.  Социалдык тармактар коомдук аянтча болуп эсептелет. Алардын социалдык тармактарда жана коомдук жайларда өзүн алып жүрүүсү адеп-ахлак эрежелерине  туура келбесе катардагы жөнөкөй жарандарга караганда катуурак сынга кабылышат.

Көпчүлүккө үлгү, өрнөк болчу инсандар коом алдында адеп-ахлак эрежелерин сактап жүрүүгө көбүрөөк милдеттүү.

Көрүнүктүү адамдардын айрымдары айласыздан белгилүү болуп калышат. Көпчүлүгү терс көрүнүштөрдөн же кырс мүнөзүнөн улам «таанымал» болуп чыга келишет. Эгерде алар коомчулуктун көӊүлүн бурууга экинчи жолу атайылап аракет кылбаса анда алардан жоопкерчилик алынып салынат.

Жогорку Кеӊештин депутаттары башкаларга караганда чоӊ аудиторияга ээ болгондуктан расмий өкүл катары эмес өзүнүн атынан билдирүү таратканы үчүн да, коомдук жайларда өзүн алып жүргөнү үчүн да жоопкерчиликти мойнуна алат.Алардын жүрүм-туруму коомдун адеп-ахлактык ченемдерине жана жалпы эле адамзаттык баалуулуктарга ылайык келүүгө тийиш. Этика менен адеп-ахлак маселеси кыйын болгондугуна карабастан белгилүү инсандар коом кызыкчылыгын көздөгөн максаттарын эске алуу менен  өздөрүнүн билдирүүлөрү кийин кандай жыйынтык алып келээрин, коомго кандай таасир калтыраарын өз убагында баамдай билиш керек. Коомдун алардын алдына койгон эӊ аз талаптарынын бири бул баарын кыйратуучу, адеп-ахлакка каршы келген ой-пикирлерди билдирбөө, этикага жатпаган жүрүм-турумду көрсөтпөө, эч кимди шылдыӊдабоо, өзүнүн оюн чындык катары көрсөтүп туура эмес маалымат таратпоо болуп саналат.

Макаланын авторунун ой-пикири «Precedentinfo» редакциясынын позициясы менен туура келбеши мүмкүн.

 

Ой-пикир кошуу

кирүү