2018-жылдын 19-июль күнү жарандык коомдун Президент Сооронбай Жээнбеков менен болгон жолугушуусунда Нурбек Токтакуновдун сүйлөгөн сөзү

Cүрөт: Султан Досалиев

Урматтуу, Сооронбай Шарипович!

Учурда иштеп жаткан саясий түзүлүш Президентке бийликтин бардык бутактарынын жана институттарынын алдында саясий тапшырмаларды коюга, маселелерди демилгелеп көтөрүп чыгууга, бийликтин кайсы бутагы болбосун алардын аракетин же тескерисинче кыймылсыздыгын сындоого, алдыга койгон аракеттери менен максаттарына шек санаганга мүмкүндүк берет. Ошол эле учурда президенттин пландарын ишке ашыруу жоопкерчилиги президенттин өзүнө эмес, жогоруда айтылган институттарга жүктөлөт. Президенттин институту баарына таасирин тийгизе алат, бирок эч нерсеге жооп бербейт. Мындай көрүнүш коомчулук үчүн да, президенттин өзү үчүн да абдан коркунучтуу. Улуттук коопсуздук органдарынын жетекчилерин өзү жалгыз дайындап, парламент менен макулдашып башкы прокурорду дайындап жана аны кызматтан алуу менен Президент бийликтин бардык бутактарына жана бүтүндөй бийлик институтуна үстөмдүк кылат. 

Парламент тарабынан анча көзөмөлдөнбөгөн жана ишке ашпай калган сот реформасынын шартында улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети мамлекет башчысынын оӊ колунун астында болуу менен президенттин саясатын ишке ашыруудагы жазалоочу органга айланды. Ким үстөм сүйлөсө ал үстөмдүк кыла берет. Бул – иштеп жаткан чектен чыкпоо системасынын жана салмактуулуктун ишин үзгүлтүккө учуратат. Бийликтин аша чаап кетишин жана жемкорлукту токтотуунун жалгыз жолу бул чектен чыкпоо системасы жана теӊ салмактуулук, бийликтин бутактарынын жана саясий күчтөрдүн бирин-бирин өз ара башкаруусу.  

Башкача саясий көз караштагыларды басмырлоо саясий оппозициянын жана укуктук көзөмөлдүн өнүгүшүнө тоскоолдук алып келет.  Парламент коомдун өз ара келишүү институту катары өнүкпөй калат.  Саясий күрөш бизге абадай керек. Анткени,саясий атаандаштыктын шартында гана тергөөчүлөр, прокурорлор жана судьялар мыйзамга тез-тез баш багып карап турушмак. Саясий күрөш болбогон учурда укук коргоо жана сот системалары жазаланбасын билип, бийликте турган режимдин буйруктарын аткарып жүрө берет.  Атайын кызматтагыларды ийгиликтүү көзөмөлдөгөнгө институтционалдык мүмкүнчүлүктөрү болбогон Президент өзү каалаган жана күткөн маалыматтарды алуу менен жазалоочу системанын курмандыгы болуп калууда.Озү күткөн маалыматты алган мамлекет башчыга жалпы эл аны колдогондой таасир калтырат. Чектен чыкпоо жана салмактуулукту сактоо декмократиялык системасын кайра калыбына келтирүү боюнча конститутциялык реформаны жүргүзүү демилгесин сунуштайм. Бул иш-аракеттер президент институтун жою же жок кылуу аркылуу ишке ашыш керек. Кыргызстандын акыркы президенти болуӊуз. Коом арасында көбүрөөк келишүүлөргө жетиш үчүн конститутциялык реформанын долбоорлорун коом арасында талкуулоону камсыз кылуу керек. 

Андан сырткары президентке өзүнүн тегерегиндегилер жеткирген маалыматттан сырткары да башка кошумча маалыматтар жетип туруш үчүн жана коом менен өз ара аракеттенүүдө түз байланышты түзүү үчүн такай жолугушууларды уюштуруу системасын түзүүнү сунуштайм.

Автордун ой-пикири «Precedentinfoнун»позициясы менен дал келбеши мүмкүн

Ой-пикир кошуу

кирүү