Коомдун кызыгуусу — табышмактуу жана жалгыз чындык

Автор текста: Гульнура Торалиева, медиаэксперт

Коомдун кызыгуусу этикалык дилеммаларды чечүүдө жана ММКларды юридикалык жактан коргоодо негизги критерий катары

Күн сайын журналисттер, эми болсо социалдык тармактардын пайдалануучулары этикалык дилеммаларды чечүү менен алек: белгилүү же анча таанымал эмес адамдардын жеке жашоосу жөнүндөгү жаӊылыктарды жарыялаш керекпи же бөлүшүү туура болбойбу деп баш катырышат. Ал инсандардын балдары жөнүндөгү,жашаган үйүнүн дареги, медициналык диагнозу, бирөөлөр менен жеке байланышы жана кат алышуусу туурасындагы жеке маалыматтарды тийиштүү адамдардын уруксаты жок жарыяласа болобу сыяктуу суроолор көпчүлүктү түйшөлтөт.

Журналисттер, блогерлер жана социалдык тармактардын пайдалануучулары көп учурда башкалардын жеке жашоосун жарыялаганда чектен чыкпаганга, коом үчүн маанилүү делген маалыматтарды таратууда этияттанып, нааразы тараптын дооматтарынан алыс болгонго аракеттенишет. Андыктан,булар адамдын жеке жашоосу туурасындагы маалыматтарды жарыялоо,таратуу жана бөлүшүү сыяктуу талаш маселелерге азыраак тушугат. Же болбосо, тигил же бул инсан жөнүндөгү коомго анча деле маанилүү эмес маалыматты жарыялоо менен өзүнүн ММКсына кошумча аудитория топтоп алат. Адамдар, инсандар жөнүндөгү маалыматтар менен иштегендердин баарында алардын жеке жашоосуна мыйзамсыз киришүү, укугун бузуу тобокелдиги ар дайым бар. Бул кадамдар үчүн: кылмыш-жаза, административдик жана жарандык-укук болуп жоопкерчилик түрдүү болушу мүмкүн. Жоопкерчиликтер туурасында кийинки блогумда айтып берем.

Ал эми бул блогумда мен тигил же бул инсандын жеке жашоосу боюнча маалымат таратууну чечээрде кандай критерийлерди жетекчиликке алуу керектигин айтып берүүгө аракет кылам. Ошондой эле, ушул маселе жаатында этикалык жана юридикалык дилеммаларды чечүүдө болушунча туура жана адилеттүү кадамдар жөнүндө сөз кылабыз.

Кыргызстандын мыйзамдарында адамдын жеке жана өздүк жашоосу туурасындагы түшүнүк жетиштүү түрдө жазылган эмес. Англис тилинде жеке жашоонун бардык жактарын камтыган privacy деген термин бар, ал ар тараптуу түшүнүк болуп саналат.

Эл аралык практикада адамдын жеке жашоосунун кол тийбестиги менен купуялуулугу жана өздүк жашоого өзгөлөрдүн киришүүсүн караган соттук процесстер «коомдук кызыгуу» аркылуу ишке ашырылат. Коомдук кызыгуу (Public Interest) – англис тилиндеги булактарда да так аныктамага ээ эмес, бирок, «жалпы коомдун байлыгы, жалгыз бир адамдын,топтордун же компаниялардын өзүмчүлдүк кызыкчылыгына көпчүлүктүн кызыкчылыгы каршы турушу» катары түшүндүрүлөт.

Батыш өлкөлөрдүн медиа трамакты көзөмөлдөгөн документтеринде “коомдун кызыкчылыгы” деген аныктама сотторду,ал эми биздин мисалда журналисттер менен дагы башка кызыккан адамдарды бул концепцияны кененирээк чечмелөө мүмкүнчүлүгүнөн ажыратат жана чечим-өкүмдөрдү кабыл алууда сөз эркиндигине болгон укукту чектеп коет.

Ошентсе да,түрдүү өлкөлөрдүн мыйзамарында коомчулуктун кызыкчылыгын бийик туткан суроолордун тизмеги да бар. Алар: өз оюн эркин билдирүү, массалык маалымат каражаттардын өкүлдөрүнө иликтөөлөрдү эркин жүргүзүү, коомчулуктун кызыкчылыгын көздөгөн маселелер туурасында маалымат таратуу жана комментарий жазуу, ачык адилеттүүлүк, коомдун саламаттыгы жана коопсуздугу, улуттук коопсуздук, алдамчылыкты кошуу менен кылмыштарды алдын алуу жана аныктоо,ошондой эле өлкөнүн байлыгы. “Коомдун кызыкчылыгын” Орусия мыйзамдары “демократиялык укуктук мамлекетке жана жарандык коомго, коомдук коопсуздукка, айлана-чөйрөгө болгон коркунучтарды табуу жана иликтеп бетин ачуу коомчулуктун талабы” катары аныктап алган.

Сот процесстеринде жана журналисттик этикалык дилеммаларды чечүүдө бири бирине каршы турган эки конститутциялык укуктардын ортосунда  теӊ салмактуулукту сактоо сыяктуу оор маселе турат. Алардын биринчиси, жарандын жеке жашоосун купуялоо укугу, экинчиси – массалык маалымат каражаттарынын маалымат таратуу укугу. Ошондой эле, биздин ой-пикир айтуу укугубуз. Маанилүү делген жагдайларды эске алып адилеттүүлүктүн тараза ташы оӊ же сол тарапка ийилиши мүмкүн. Журналситтер менен блогерлер коом каалаган маанилүү маалыматты тараттыбы же кайсы бир инсандын өздүк жашоосунун чоо жайын жеткирип,коомдун кызыгуусун кандырдыбы? Ким жөнүндө маалымат тарады: жөнөкөй жаран жөнүндөбү же белгилүү,көрүнүктүү инсан туурасындабы? Маалымат каяктан алынган: социалдык тармактарданбы, коомдук жайларда же жабык имараттарда тасмага тартуу учурундабы, ишеничтүү булактан алынганбы же белгисиз адамдарданбы жана ю.у.с. Маалымат мыйзамдуу жана колдон келшиниче этикага жаткан ыкмалар менен алыныш керек.

Көпчүлүк өлкөлөрдөгү эл аралык мыйзамдар боюнча коомдун кызыгуусу болгон учурда гана жарандардын өздүк жашоосу туурасындагы маалыматты таратуу укугу берилет. Башка чектөөлөр менен тыю салуулар жазылган эмес. Профессионалдуу этикалык стандарттар да массалык маалымат каражаттарында жана социалдык тармактарда адамдардын жеке жашоосу туурасында маалыматты таратуунун мүмкүн болгон негизи катары

коомдун кызыкчылыгын коргойт. Ошентип, коомдун кызыкчылыгы жогору турган учурда мыйзам дагы, этикалык стандарттар дагы журналисттерге жарандардын жеке жашоосу туурасындагы маалыматтарды таратууга укук берет. Мында жарандын өздүгү тууралуу маалыматтар жана сүрөттөр менен тасмалары алардан уруксат суралбай эле жарыяланса болот. Бирок, түрдүү өлкөлөрдүн  медиа юристтери жарыяланган макала коомго маанилүү болгондугун далилдей албай күн сайын убара тартышат. Демек, азыркы өзгөчө окуяда жеке адамдын өздүк жашоосун коргобой, колдо болгон маалыматты жарыялоо маанилүүрөөк.

Ой-пикир кошуу

кирүү