Гульнура Төралиева: Анара Мамбеталиеваны кайра кызматына алып баруу маанилүү

Мамлекеттик мекемедеги жемкорлукту коомчулукка ачык жарыялап жумуштан куулган Анара Мамбеталиева мурунку басма сөз катчы кызматына кайрадан барыш керек деген менин оюм “коомдун кызыкчылыгы”  жана “маалымдоочуларды коргоо — whistleblowers” деген түшүнүктөргө негизделген. Коомдун кызыкчылыгы мамлекеттин негизи болуп саналат, анын тегерегинде мамлекеттик башкаруу, укук жана коопсуздук куралат.

Көпчүлүк өнүккөн өлкөлөрдүн мыйзамдарында маалымат берген жарандарды коргоо каралган. Анын ичинде “компаниядагы, уюмдагы же мекемедеги мыйзам бузуулар жөнүндөгү маалыматтарды” берген кызматкерлер адилетсиз жумуштан айдалган болсо. Ал маалыматтар өзүмчүл кара ниетте эмес, коомдун кызыкчылыгын көздөп ачыкталышы керек.

Мисалы, Улуу Британияда 1998-жылы маалымдоочуларды коргоо  маселелери так жазылган коомдун кызыкчылыктарын ачыктаган атайын мыйзам кабыл алынган. Бир жагынан “коомдун кызыкчылыгы” элементи маалымат берген жарандарга кошумча тоскоолдук жаратат. Иш жүзүндө ошол ачыкталган маалымат коомчулук үчүн маанилүү экендигин далилдеш өтө кыйын.  

Анара Мамбеталиева мамлекеттик мекемедеги жемкорлук фактысын ачыктап, өтө маанилүү маселени көтөрүп чыкты. Аны менен Мамбеталиева  кызмат ордун жоготуп, Сооронбай Жээнбековдон коргоп берүүсүн суранып өз өмүрүн тобокелге салды.

Бул жаңылык коомчулукка терең тарап, элдин колдоосуна ээ болду. Президент тарабынан жарыяланган коррупция менен күрөшүүдө жемкорлукту ачыктап маалымат бергендерди коргоо абдан маанилүү жана мындай окуялардын аягы адилет чечилиш керек. Коопсуздук Кеңештин катчысы Дамир Сагынбаевтин акыркы билдирүүсү боюнча Анара Мамбеталиевадан бардык далилдер алынган жана мекемелер аралык комиссия ишинин жыйынтыгы кийинчерээк ачыкталат деп айтылды. Андыктан, мекеме кызматкеринин кызматтан алынганы  боюнча өкмөт кызматтык териштирүү жүргүзүп, басма сөз катчыны кайра кызматына коюш керек.

Мындай чечим буга чейин болуп көрбөгөндөй  алгачкы окуя болуп калышы үчүн керек. Мындан ары жарандардын  мыйзам бузуулар боюнча коркпой ачык маалымат берип турушу мамлекеттик органдардын коррупция менен күрөшүүсүнө, кемчиликтерди жоюга жана жаңы каталарды кетирбөөгө жардам берет. Эң негизгиси  — бул нерсе элдин бийликке болгон ишеничин арттырат.

Бийликке болгон элдин ишеничи тилекке каршы азыр төмөн. Коомубуз милицияга, сотко, прокуратурага жана коопсуздук органдарына ишенбейт деген пикирлерди мен күн сайын угам. Мындай кырдаал бир да мамлекетти ийгиликке алып келген эмес, ал өлкөлөр кризиске учураган.

Мамтехинспекция мамлекет тараптан экологиялык жана техникалык коопсуздукту көзөмөлдөп текшерген орган. Тагыраагы,экология, өрт коопсуздугу, азык-түлүк өндүрүшү, тоо кен сектору, курулуш жана башка  коомдун маанилүү делген тармактарында иш алып барат. Биздин ден-соолугубуз гана эмес коопсуздугубуз, бизнестин өнүгүүсү, инвестициялардын келиши бул органдын “таза” иштешине көз каранды. Бир мекемедеги мыйзам бузуулардын, анын үстүнө коррупциялык иштердин  ачыкталышы өлкөдөгү ар бир жарандын жашоо сапатына таасир этет. Анара Мамбеталиевага байланыштуу адилеттүүлүктүн болушунун дагы бир башка себеби бул мамлекеттик кызматка таза жана чынчыл адистерди тартуу.

Кылмыш жазаланбай, адилеттүүлүк жок болсо бул көрүнүш  жаштардын аң сезимине мамлекеттик кызматта каалаганын басмырласа болоорун жана таза иштегендер бааланбаганын орнотот. Буга чейин эле мамлекеттик кызмат бул – таза эмес жол менен акча табуу,баю жана байланыштарды өзүмчүлдүк менен кара ниетте пайдалануу катары кабыл алынып, сиңип калган.

Мен санап берген бардык жагдайларды эске алып, ишенимди кайтарууда жана адилеттүүлүктү орнотууда бийликтин  кичинекей, бирок, абдан маанилүү кадам таштоо мүмкүнчүлүгү бар. Мындай кадам коррупция менен күрөшүүдө да өтө чоң мааниге ээ.

Ой-пикир кошуу

кирүү