Крис Риклтон: “Акыл эси жайында болгон адам эч качан жалаң фейк жаңылыктар менен толтурулган веб-сайтка төлөбөйт жана кол койбойт. Фейк жаңылыктарды тараткан веб-сайттын кожоюну анын макалаларын колдонгондордон акы сурабайт”

Eurasianet жана France Pressтин журналисти Крис Риклтонду 2017-жылы Кыргызстандын бийлиги депортациялап, өлкөдөн чыгарып салган. Крис Риклтон өлкөдөгү массалык маалымат каражаттарынын  өнүгүшү, фейк жаңылыктар жана медиа сабаттуулук боюнча биз менен пикир бөлүштү.

— Фейк жаңылыктардын пайда болушу эмнеге байланыштуу? Бул көрүнүштүн Кыргызстанда өрчүп кетишине сиздин оюңуз?

— Фейк жаңылыктардын пайда болушу дүйнө жүзү боюнча Интернеттин таасиринин күчөшүнөн улам болду. Негизинен жаңылыктар Интернетте кенен таратылып жатат. Акыл эси жайында болгон адам эч качан жалаң фейк жаңылыктар менен толтурулган веб-сайтка төлөбөйт жана кол койбойт. Фейк жаңылыктарды тараткан веб-сайттын кожоюну анын макалаларын колдонгондордон акы сурабайт. Алардын максаты жалган маалыматты колдон келишинче кенен таратуу. Фейк жаңылыктар Кыргызстанда жетиштүү деңгээлде өнүккөн деп ойлобойм. Бир мисал – бул  zanoza.media сайтынын пайда болушу. Бул басылма президенттик шайлоо маалында Өмүрбек Бабановту каралоо үчүн гана ачылган болчу.Шайлоо жыйынтыкталаары менен ал сайт иштебей калды, максатына жетти да. Бул деген фейк жаңылыктарды чыгарган сайтты иштетүү чоң каражатты талап кылат дегенди билдирет, ал эми анын кайтарымы жокко эсе.Жаңылыктарды даярдаган жергиликтүү ресурстарды жоопкерчиликке тартып, сотко берип, таптакыр жаап кою оңой болгон Кыргызстанда фейк кабарларды уюштурууга эч кимдин табити тартпайт. Анын үстүнө өлкөдө калп кабарларды таратуунун башка жолдору бар.

— Кайсы жолдор жөнүндө сөз болуп жатат?

— Өлкөнүн башкы каналы «Белизгейт» же «Вечеркага» ким ээлик кылганы туурасындагы талаш тартыш маселе жөнүндө чагылдырганын бирөө жарым жалган маалымат деп ойлогон да.Чындыгында булардын баары салтка айланып калган мамлекеттик пропаганданын мисалдары. Көрүүчүлөргө ишене турган башка эч бир маалыматты бербей туруп ушул жаңылыкка ишениш керек деп сөөмөй кезешкен. Өлкөдө мамлекеттик телеканалдардын үстөмдүк кылышы бийликтегилердин такай иштеп туруучу фейк каналдарга анча деле зар эместигин күбөлөндүрөт.

Бийликтин каршылаштары фейк кабарларды таратышы мүмкүн, а мүмкүн тараткандыр.”Ата Мекен” партиясынын лидери Текебаев камала электе анын тарапташтарынын Атамбаевке болгон айыптоолору негиздүү эмес эле. Ошондо атамекенчилер абройлуу массалык маалымат каражаттарына  өздөрүнүн айыптоолорун таратыш үчүн кайрылышкан. Өз учурунда ал массалык маалымат каражаттарынын журналисттери маалыматтарды текшербей туруп жарыялап ийишкен.Мындай кадамдар атамекенчилерди да, ошол ММКларды да кайгылуу окуяларга алып келди.

Жалган маалыматтар, ушактар жана “сары” кабарлар кыргыз тилдүү басылмаларда өтө көп. Кабарларды дүңүнөн которуп жүргөн  Gezitter.org сайтынын кылганы – бул маалыматтардын инсинуациялары. Бул гезиттерге жазган авторлор окурмандарга кабар жеткирейин деген максатта иштешпейт. Мындан да кызыктуусу, алар жалган маалымат таратып жатканын өздөрү да жакшы билишет. Окурмандар бул же тигил саясатчы ишенимге татыктуу эмес экен деп ойлоп, “таза эмес” деп калышы үчүн айрым саясатчылардын ишмердигине  алар атайын шек келтиришет.

— Сиз жаңылыктарды кантип текшересиз?

— Фейк жаңылыктарды текшерүү абдан кыйын. Eurasianet блогтору үчүн мен башка массалык маалымат каражаттарынан  үзүндүлөрдү келтиргенде башка ММКлар ушул эле маалыматтарды берген же бербегенин байкап турам. Айрым авторлор бирөөлөрдү далилсиз күнөөлөшсө мен дароо аларды өзүмө белгилеп алам. Мен материалды өзүм даярдаганда туура эмес цитатаны же маалыматты жарыялаган жалгыз адам мен өзүм экенимди билем. Жаңылыктарга тиркелген фейк сүрөттөрдү баамдоо оңой. Эгерде жергиликтүү массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү  Мьянмадагы сүрөттү алып аны жасалгалап Токмоктогу башаламандык катары пайдаланса, анда интернетте аны кайрып издесең бат эле таап аласың.

— Медиа сабаттуулукту өнүктүрүү  фейктер менен күрөшүүгө жардам бере алабы?

— Медиа сабаттуулукту орто мектептерде окутуш керек. Фейк жаңылыктар боюнча өткөрүлгөн семинарларга анча ишенбейм. Фейк жаңылыктарга көп ишенген адамдар ал семинарларга катышпайт го дейм.

— Мемдер (мемы) деген түшүнүк боюнча оюңуз кандай? Президент Жээнбеков жөнүндөгү мемдер коомдо чоң резонанс жаратты…

— Бул табигый көрүнүш. Мен мемдерди (мемы) жактырбайм. Бул өтө аша чапкан шакаба. Мага гезиттердеги сатиралык сүрөттөр  жагат. Бирок, мемдер (мемы) жалган маалыматтар сыяктуу эле салттуу кабарларга каршы чакырык таштайт. Gif форматындагы кыска анимациясы бар мемдер менен тексттүү твиттерлер саясий сатиранын таасирдүү формаларына каршы чакырыктарды таштап келет. Албетте, мемдерди пайдалануу менен саясатчыларды тамашага салуу кылмыш болбошу керек. Кайсы президент болбосун мындайдан бийик болуусу зарыл.

— Бүгүн Кыргызстан бийликти сындаса кооптуу эмеспи?

— Коопсуздук жетиштүү эмес. Албетте, Казакстан,Өзбекстан жана Тажикстанга караганда коопсуз. Бирок, булар дүйнөдөгү репрсессивдүү мамлекеттер, муну менен сыймыктанбаш керек, бул такыр жетишкендик эмес.

Сын пикир менен каралоонун ортосунда айырма бар. Каралоо, фактыларга жана маалыматы көп адамдардын пикирине эмес, дайыма жалганга негизделген.

— Акыркы мезгилдерде өлкөбүздөгү массалык маалымат каражаттары жаатындагы кандай өнүгүү тенденцияларын байкап жатасыз?

— Кыргызстандын массалык маалымат каражаттары  бул аймактагы эң өнүккөнү болуп санаалары албетте талашсыз. Кыргызстандагы  журналисттик иликтөөлөр россиялык медиа рыноктогудай таанымал эмес. Ал жакта Fontanka жана куулган Meduza сыяктуу вебсайттар бар. Бирок, бул ресурстардын жетпегенинен го. Кыргызстандык  массалык маалымат каражаттары көңүл толоорлук материалдарды даярдашат. Алар, социалдык тармактарды кеңейтүү, фактчекингге талаптары бар жана дрондорду колдонуу сыяктуу жаңы тенденцияларга көнүп жатышат.

Өлкөдө бир нече ресурстар иштейт:  Kaktus, Kloop жана 24.kg. Алар коомдун кызыкчылыгын олуттуу деңгээлде коргогон жоопкерчиликти өз мойнуна алышкан. Массалык маалымат каражаттары коомдун кызыкчылыгын коргойм деп тобокелчиликке барууну улантууда.  Каржылоо жагы аксаган күндө да өлкөдөгү массалык маалымат каржаттарынын өнүгүүсүнүн келечегине мен чоң үмүт менен карайм. Ал көбүнчө жарандык коом ойногон ролду өз колуна алууда демекчимин.

Медиа эксперт Гүлнура Төралиева маектешкен.

Ой-пикир кошуу

кирүү