Адеп-ахлакты олдоксон омкоруп…

Сүрөт: Kloop

Тексттин автору: Гүлнур Төралиева

Өткөн жылдын 9-ноябрында «Ачык саясат плюс» гезитинин  №41-санында  жарыяланган «Асылбек Жээнбеков мамлекеттик мүлккө көз артып жатабы?» («Асылбек Жээнбеков начал зариться на государственное имущество?», Gezitter.org) аттуу макала Жогорку Кеңештин депутатына маалыматтык чабуул катары даярдалган

Бирок аталган макалада «Асылбек Жээнбеков мамлекеттик мүлккө көз артып» жаткандыгынын бир дагы далил факты келтирилген эмес.

Бир караганда, мында жазылгандардын баары юридикалык жактан мыйзамга дал келгендей таасир калтырат: кандайдыр бир кемсинтүү, түздөн-түз жала жабууну байкоого болбойт. Ошол эле учурда «Асылбек Айдардын, Максимдин кейпин кийип бара жатат…» деген сүйлөм биздин өлкөдө абдан терс кабыл алынат, бирок бул мазактоо экендигин юридикалык жактан далилдөө аябай оор десем, көбү макул болсо керек. Ал эми макалада, президенттин иниси «мамлекеттик ишканаларга көз арткан»дыгын далилдеген бир да так жүйө келтирилген эмес. 

Материал бүт бойдон Асылбек Жээнбековдун «мамлекеттик мүлктү натыйжалуурак башкаруу керек» экендигин белгилеген билдирүүсүнө гана «негизделген». Ошол билдирүүдө тек гана «мүлктүн баарын мамлекеттин колунда кармап тура берүүнүн эч кандай кажети жок» деген ой-пикир айтылган, ал эми Асылбек Жээнбеков керт башынын гана пайдасын көздөп жаткан болсо, аны тактаган анык далилдер менен жүйөлөр келтирилиши керек эле. Ал парламенттин депутаты катары өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча ой-пикирин айтууга акылуу.

Ошол эле учурда аталган материалда, президенттин бир тууган иниси мамлекеттик иштерди жең ичинен чечип жатат дегендей ишара камтылган. Бирок ал дагы так маалыматтар, абройлуу адистердин ой-пикирлери менен ырасталган эмес.

Басылма ошондой эле депутаттын өзүнүн түшүндүрмөсүн келтирбестен, журналисттик адеп-ахлак эрежелерин одоно түрдө бузган. Материалда аталган ар бир кишиге, өзгөчө мындай курч сынга кабылып жаткан инсанга, сөзсүз түрдө жооп берүү мүмкүнчүлүгү берилүүгө тийиш.

Жалпы-жонунан бул макала бир беткей жазылган, анда камтылган ишаралар жана айыптоолор эч кандай фактылар менен ырасталган эмес, жазылгандарда тең салмактуулук, ошондой эле кырдаалды талдоо аракеттери (эркин эксперттердин түшүндүрмөлөрү же көйгөй-түйшүктөрдүн жаатындагы атаандаш ой-пикирлер) жок экендиги айдан ачык көрүнүп турат.

Маалымат булагы: «Ачык саясат плюс» гезити, №41, 09.11.2018/5-бет, орусчасы дареги боюнча жарык көргөн

Редакция автордун ой-пикирин сөзсүз колдойт дегендикке жатпайт

Ой-пикир кошуу

кирүү