Кыргыз-өзбек чек арасы жөнүндө

Кече, 21-сентябрда, парламенттин жабык жыйынында кыргыз-өзбек мамлекеттер аралык чек ара жөнүндөгү маселе каралды

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын башчысы Ибраим Нуракун уулу билдиргендей, “Бишкек шаарында 2017-жылдын 5-сентябрында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасы жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу” мыйзам долбоору каралды.

Парламенттик отурумдун жыйынтыгы боюнча, аталган ратификациялык мыйзам долбоорунун концепциясы жактырылды.

Жыйынга премьер-министр Сапар Исаков баштаган Кыргызстан Өкмөтүнүн тиешелүү министрликтери менен мекемелеринин жетекчилери катышты.

Жабык жыйындын жүрүшүнүн жыйынтыгында аталган мыйзам долбоору азырынча биринчи окууда кабыл алынды.

Мурдарак Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев Бишкекке мамлекеттик иш сапар алкагында келгенде, ал Кыргызстан жетекчилиги менен биргелешип өткөргөн басма сөз жыйынында билдиргендей, эки тарап ортосундагы мамлекеттер аралык чек аранын жалпы узундугунун дээрлик 85 пайызы такталып бүткөн.

Кыргызстан менен Өзбекстандын мамлекеттер аралык чек арасынын узактыгы дээрлик 1400 чакырым түзөт.

Ой-пикир кошуу

кирүү