МСК: мыйзамсыз ташып киргендиги үчүн…

Мамлекеттик салык кызматынын маалыматына ылайык, үстүбүздөгү жылдын алгачкы беш айында Евразиялык экономикалык биримдик өлкөлөрүнөн Кыргызстанга товарларды мыйзамсыз ташып кирген 178 унаа каражаты токтотулуп, айып төлөөчү жерге жайгаштырылды

2017-жылдын 1-январынан тартып 1-июнга чейинки мезгилде Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын (Финансы полициясы), Мамлекеттик салык кызматынын жана Ички иштер министрлигинин кызматкерлеринен түзүлгөн биргелешкен ыкчам көчмө топ кыргыз-казак мамлекеттик чек арасынан өткөн 744 авто унаа каражаттарын Кыргыз Республикасынын аймагынан кармашкан. Алар ЕАЭБ мүчөлөрү болгон өлкөлөрдөн Кыргыз Республикасына товарларды алып кирүүдө мамлекеттик көзөмөлдөн өтүү талаптарын бузуу, товарларды мыйзамсыз ташып кирүү/ташып чыгуу фактыларын аныктоо жана алдын алуу боюнча ыкчам көзөмөл жана рейддик иш-чаралардын жүрүшүндө ташып бара жаткан жүккө коштоочу документтердин жоктугуна байланыштуу кармалган.

МСК басма сөз кызматы маалым кылгандай, териштирүүнүн жүрүшүндө жагдайларды аныктаганга чейин айып төлөөчү жайга 178 унаа каражаттары убактылуу токтотулуп, калган 566 автомашина боюнча кийинчерек тийиштүү документтер көрсөтүлгөн.

Текшерүүнүн жыйынтыгында 178 унаа каражаттардын ичинен ташып келе жаткан товарларга (күйүүчү май, дөңгөлөк, күн карама майы ж.б.) коштоочу документтерди бербеген жүк алуучуларга тийиштүү 4 материал укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилген.

Эки чарба субъектине 12 миң сом өлчөмүндө административдик айып салынган. Мындан тышкары, 144 материал аймактык салык органдарына андан аркы тескеп-башкаруу үчүн өткөрүлүп берилген жана калгандары боюнча кошумча текшерүү иштери жүргүзүлүүдө.

Биргелешкен ыкчам көчмө топ КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 3-октябрындагы №524 “ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен соодалашуунун алкагында КР мамлекеттик чек арасы аркылуу алып өтүлгөн товарларды эсепке алууну камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө” токтомун ишке ашыруунун алкагында түзүлгөн. Бул топтун курамында иштөө үчүн Мамлекеттик салык кызматынын аймактык башкармалыктарынан 76 кызматкер тартылган.

Жогоруда аталган токтомго ылайык, ЕАЭБ мүчөлөрү болгон өлкөлөрдөн товарларды ташып кирүү менен алектенген тышкы экономикалык ишмердиктин катышуучулары белгиленген түрдөгү коштомо кагаздарды жанында алып жүрүүсү зарыл.

Өткөн мезгилдин тажрыйбасы көрсөткөндөй, мамлекеттик көзөмөлдөн өтүү жөнүндө талондун ордуна коштомо кагазды колдонуу кыйыр салыктарды тескеп-башкарууга оң таасирин тийгизген.

Алсак, ушул жылдын январь-май айларында Мамлекеттик салык кызматы тарабынан ЕАЭБ мүчөлөрү болгон өлкөлөрдөн КР аймагына ташып кирген товарлардан келип түшкөн кошумча нарк салыгы 5 млрд. 667,3 млн. сом суммасында камсыз кылынган. Бул 2016-жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 1 млрд. 211,7 млн. сомго көп, же болбосо бир жылдык өсүү ыргагы 27,2%ды түзгөн.

 

Ой-пикир кошуу

кирүү