УКМК: «алтын» контрабанда кармалды

Бүгүн Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин басма сөз борбору кабарлагандай, 22-июнда УКМК жүргүзгөн ыкчам-издөө иш чараларынын жыйынтыгында «Манас» эл аралык аэропортунда Кыргызстанга ири көлөмдөгү алтын жана баалуу металлдарды алып кирүү аракетин көргөн КР жараны У.И. кармалды

Ырасмий маалыматка ылайык, Каржы министрлигине караштуу Баалуу металлдар департаменти өткөргөн экспертиза боюнча, кармалган жүк, жалпы салмагы 12 кг 368,48 грамм зер буюмдар 585-үлгүсүндөгү алтын жана асыл таштар болгон. Алдын ала баалоо көрсөткөндөй, кармалган аткезчилик жүктүн учурдагы базар баасы 27 миллион сомдон ашык.

КР Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын эсептөөлөрүнө ылайык,  жогорудагы товарлар мыйзамдуу алып кирилсе, алардан түшө турган бажы төлөмдөр 5 миллион 200 миң 45 сомду түзмөк.

Бул окуя боюнча УКМК Башкы тергөө башкармалыгы тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 204-беренесинин 3-бөлүгүндө («Контрабанда») жана 304-беренесинин 2-бөлүгүндө («Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу») каралган кылмыш белгилери боюнча У.И. жана «Манас» бажысынын кызматтык адамдарына карата кылмыш иши козголду.

Кармалган У.И. УКМК тергөө камак жайына киргизилди. 

Учурда тергөө амалдары өткөрүлүүдө.

Эгерде шектелип жаткандардын күнөөсү далилденсе, алар Кылмыш-жаза кодексинин 204-беренесинин 3-бөлүгүндө («Контрабанда») каралган жазык белгилерине ылайык, мүлкүн конфискациялоо менен беш жылдан он жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратылат; ал эми 304-беренесинин 2-бөлүгүндө («Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу») каралган кылмыш белгилери боюнча, аларга эсептик көрсөткүчтүн үч миңден төрт миңге чейинки өлчөмүндө айып салынат же болбосо беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу менен жазаланат.

 

Ой-пикир кошуу

кирүү