АКШ элчиси Шейла Гуолтни: «Жүрөгүм Кыргызстан деп согот!»

Кече, 3-июлда, Америка Кошмо Штаттарынын Кыргыз Республикасындагы Өзгөчө жана Толук Ыйгарым Укуктуу Элчиси Шейла Гуолтни бүгүн, 4-июлда майрамдала турган АКШ Эгемендик күнүнө байланыштуу зыяпат уюштурду. Бул салтанатка түздөн-түз себеп болгон окуядан тышкары, элчи айым чогулгандарга кош айтышуу сөздөрү менен кайрылды

Элчи Шейла Гуолтнинин Америка Кошмо Штаттарынын Эгемендүүлүк күнүнө арналган мааракесинде сүйлөгөн сөзү

Good evening!  Добрый вечер!  Саламатсыздарбы! 

Урматтуу меймандар, айымдар жана мырзалар! Сиздерди Америка Кошмо Штаттарынын эгемендүүлүгүнүн эки жүз кырк биринчи  жылдыгына арналган  мааракесинде тосуп жатканыма абдан терең кубанып турам.       

Бир миң жети жүз жетимиш алтынчы жылы, тѳртүнчү июль күнү, Филадельфия шаарынын жѳнѳкѳй бир жыйын залында биздин негиздөөчү аталарыбыз Эгемендүүлүк декларациясына кол коюшкан. Бул Декларация, Британия падышалыгынан кѳз карандысыздыгыбызды айгинелеп, демократия негизиндеги ѳз алдынча башкарууга болгон умтулуубузду ачык жарыялаган.

Бул Эгемендүүлүк декларациясы Америка, деги эле бардык демократия жолу менен башкарылган ѳлкѳлѳр ыйык тутуп, бүткүл дүйнѳдѳгү адамдар умтулган баалуулуктарды ѳчпѳс кылып бекиткен. Алардын ичинде эң биринчиси, эң фундаменталдуу чындыктардын бири – бардык адамдар тең болуп ажыратылгыс кадыр баркы менен төрөлөт жана биз бардыгыбыз өмүргө, эркиндикке жана бакытка умтулууга бузулбас укугубуз бар экендигин билдирет.

Ар жылы, Эгемендүүлүк күнүн белгилеген учурда америкалыктар жакындары, достору менен ата-бабалардын күрѳшүн эстеп, аларга таазим этиш үчүн чогулушат. Биз азаттыгыбызды майрамдоо менен биргеликте, мамлекетибизди түптѳгѳн идеалдардын үстүндѳ ой жүгүртүүгѳ камынабыз.

Балдарыбыз менен тарыхыбызды бѳлүшүп, аларга жарандык коомдун толук кандуу ишмердүүлүгү, жарандардын башкаруу жараянына катышуусу демократиялык чөйрөбүздүн ѳркүндѳшүнѳ ѳбѳлгѳ түзгѳнүн түшүндүрѳбүз.  Жарандык жүрүш жана бардык катмарларды камтыган, толеранттуу коомду куруудагы жетишкендиктерибиз ар дайым эсибизде. Абрахам Линколндун “Демократия – бул элдин, эл тарабынан жана эл үчүн жүргүзгѳн башкаруусу”, – деген сѳздѳрүн дале болсо эскерип жүрөбүз.

Бул кечеде, бул маанилүү күндү Кыргыз Республикасында ушунча кѳп достор жана ѳнѳктѳштѳрдүн катышуусунда белгилеп жатканым мен үчүн чоң сыймык. Биздин эгемендүүлүгүбүз эки жүз кырк бир жыл мурун оорчулук менен келген. Жана мындай күрѳш бизге башка элдердин кѳз карандысыздыгын сыйлоо сезимин сиңдирген. Ошол себептен, Кыргыз эгемендүүлүгүнүн алгачкы күндѳрүнѳн баштап, биз эгемендүү, гүлдѳп-өркүндөгөн жана демократия жолу менен ѳнүккѳн Кыргыз Республикасын теңдеш, ѳнѳктѳш катары колдоп келдик.

Кѳптѳгѳн биздин кызматташтык программаларыбыз аркылуу, Кыргыз элине, күчтүү, гүлдѳп-өркүндөгөн ѳлкѳнү курууда колдоо көрсөтүү максатында иш алып бардык. Кыргыз Республикасынын экономикалык ѳнүгүүсүн чыңдоо максатында биргеликте иш жүргүзүп келдик жана биргеликте демократиялык баалуулуктарды да бекемдеп келдик.

Айымдар жана мырзалар, достор, келгиле, эки ѳлкѳнүн ийгилиги үчүн, жана Америка жана Кыргыз элдеринин ѳздѳрү жана бардык адамдар үчүн дагы да жаркын, мындан да коопсуз, жана ары да адилеттүү келечекти куруудагы тең бѳлүшкѳн кыялдары үчүн ушул тостту кѳтѳрүүгѳ уруксат этиңиздер.

Эми, менин бѳлүшѳ турган жеке жаңылыгым бар. Ɵз ѳлкѳм үчүн, кѳпчүлүгү чет мамлекетте ѳтүп келген отуз үч жылдык кызматтан кийин, мен ѳз үй-бүлѳмѳ, ѳз жерим Калифорния штатына кайтууну чечтим. Кыргыз Республикасында АКШ Элчиси катары, Америка Кошмо Штаттарынын президентинин толук ыйгарымдуу өкүлү болуп келгеним мен үчүн укмуштуу бир сыймык. Үй-бүлѳсүнө берилгендик, Кыргыз эли жана Америкалыктар үчүн ѳтѳ улуу бир асыл-нарк, андыктан үйүмѳ эмне үчүн кайтып жатканымды түшүнѳрүңѳрдү билип турам.

Бир нече аптадан кийин Кыргыз Республикасынан кетсем да, Кыргыз элинин эбегейсиз меймандостугу, жылуулугу ар дайым эсимде калат. Сиздерди абдан сагынаармын, бирок, бүлѳлѳрүбүзгѳ жакын болуу канчалык маанилүү экендигин сиздердин да түшүнүп жаткандыгыңызды билип турам.

Кайда жүрсөм да, эмне кылсам да, жүрөгүм Кыргызстан деп согот!

Сүрөт: Азаттык Үналгысы

Ой-пикир кошуу

кирүү