УКМК: паспортист айым колго түшүрүлдү

Бүгүн, 14-июлда, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин басма сөз борбору билдиргендей, 12-июлда КР Өкмөтүнүн алдындагы Мамлекеттик каттоо кызматында коррупциялык көрүнүштөрдүн бетин ачуу жана тыюу максатында өткөрүлгөн иш-чаралардын жүрүшүндө 3000 АКШ доллар өлчөмүндө пара алып жаткан учурда МККнын Бишкек шаарынын Свердлов району боюнча Калкты каттоо департаментинин паспорттук-визалык жана каттоо иштери боюнча бөлүмүнүн П.А. аттуу кызматчысы колго түшүрүлдү

Атайын кызматтын маалыматына ылайык, П.А. Кыргыз Республикасынын И.К. аттуу жаранынан анын документтерин кабыл алуу жана алардын негизинде КР иммигранты макамын ырастап берүү үчүн аталган акчалай каражаттарды опузалап пара катары талап кылгандыгы аныкталган.

Ушул окуя боюнча КР УКМКнын Башкы тергөө башкармасы КР Кылмыш-жаза кодексинин 313-беренесенин («Опузалап пара талап кылуу») 2-бөлүгүнүн 1-пунктунда жана 304-беренесенин («Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу») 2-бөлүгүндө каралган кылмыш белгилери боюнча кылмыш иши козголгон.

Колго түшүрүлгөн кызматчы айым УКМК тергөө абагында күтүлүүдө.

Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.

Эгерде сот териштирүү натыйжасында кармалган жарандын күнөөсү далилденсе, КР Кылмыш-жаза кодексинин 313-беренесенин («Опузалап пара талап кылуу») 2-бөлүгүнүн 1-пункту боюнча ал эсептик көрсөткүчтүн кырк миңден элүү миңге чейинки өлчөмүндө же болбосо паранын кырк эседен элүү эсеге чейинки суммасында айып салууга же болбосо мүлкүн конфискациялоо менен он эки жылдан жыйырма жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратып жазаланат.

Ал эми КР КЖКнин 304-беренесенин («Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу») 2-бөлүгүнүн негизинде ага эсептик көрсөткүчтүн үч миңден төрт миңге чейинки өлчөмүндө айып салынат же болбосо ал беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратып жазаланат (Кылмыш-жаза кодекстин кыргызча текстинен айырмаланып, орусча текстинде «үч жылдан беш жылга чейин» деп жазылган – ред.эскерт.).

Ой-пикир кошуу

кирүү