Адам өмүрүнүн өлчөмү…

Мамлекеттик статистика комитетинин басма сөз кызматы билдиргендей, ушул жылдын II-кварталында жашоонун эң төмөнкү өлчөмү  5052 сомдү түздү, ушунун өзү мурдагы учурга караганда 221 сомго көбүрөк

Статистиктердин маалыматына ылайык, керектөөнүн эң төмөнкү өлчөмү калктын ар бир социалдык тобу үчүн өз алдынча эсептеп чыгарылат. Алсак, эмгекке жарактуу калк үчүн жашоонун эң төмөнкү өлчөмү  5657,28 сом (+269 сом), пенсионерлер үчүн — 4538 сом (+208 сом), балдар үчүн — 4271 сом (+154 сом) түзөт.

Ошол эле учурда мындай ченем калк жайгашкан аймакка да байланыштуу.  Анын жогорку көрсөткүчү Жалал-Абад областында катталган — 5367,55 сом (+202 сом), төмөнкүсү Ысык-Көл областында аныкталган — 4554,37 сом (+244 сом).

Мисалы, мындан бир жыл мурда эмгекке жарактуу калк үчүн жашоонун эң төмөнкү өлчөмү 5428,43 сом, пенсионерлер үчүн — 4368,66 сом, балдар үчүн — 4124,66 сом түзгөн.

Эскертме: жашоонун эң төмөнкү өлчөмү – бул ченеми боюнча керектөөнүн эң төмөнкү өлчөмүнө тең келген жана адамдын жашоосу менен ден соолугун камсыз кылуу үчүн керек болгон, ошондой эле милдеттүү төлөмдөрдү жана жыйымдарды (салымдарды) камтыган материалдык баалуулуктардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн акчалай бааланышы.

 

 

Ой-пикир кошуу

кирүү