Күйөөңүздүн уруксаты жок балаңыздын фамилиясын алмаштыргыңыз келеби?

Макаланы жазган: Жибек Кенжебекова

Бизге биринчи турмушунда төрөлгөн баласынын фамилиясын өзгөртүү мүмкүнчүлүгү бардыгын сурап кайрылышкан. Ата-энеси чогуу жашабай калса же ажырашып кетсе бала төрөлгөндө алган фамилиясы менен калат.

Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодексинин 64-беренсинин 1-бөлүгүндө айтылат:

«Ат-энелерди бирдиктүү суранычынын негизинде бала 16 жашка чыккычакты жарандык абалды каттоо органы (мындан ары ЗАГС) баланын кызыкчылыгы үчүн фамилияны, ысымын жана атасынын атын алмаштырганга уруксат берет. Баланын атын, атасынын атын алмаштырыш үчүн ата-эне ЗАГСка бирдиктүү арыз менен кайрылыш керек. Арыз берилип жаткандагы каттоо учурунда атасы же энеси сөзсүз болуш керек».

Соттун чечими мыйзамдуу күчүнө кирген учурда атанын же эненин пикири сөзсүз айтылышы шарт эмес, эгерде:

— аны белгисиз жок экени таанылса;

— ата-эне укугунан ажыратылса;

— аны кыймыл-аракети жөндөмсүз деп табылса;

10 жашка чыккан баланын ысымын же фамилясын өзгөртүүдө бир гана баланын өзүнүн макулдугу керектелет.

Эми, биздин кардардын суроосуна кайталы.

Бул аял баласынын фамилиясын алмаштырууда нотариус аркылуу тынчтык жолу маселени чечсе болот.

Анткени ал, мурунку күйөөсү балага расмий кагаздарда гана ата экенин эскерткендиктен эми ал күйөөсүн ата укугунан ажыратуу үчүн сотко кайрылыш керек. Соттун чечими мыйзамдуу күчүнө кирген соң ал аял эч кимден уруксат сурабай эле баласынын фамилиясын алмаштыра берсе болот.

Ой-пикир кошуу

кирүү