Жеке ишкер катары каттоодон кайсыл жерде өтүү керек?

Макаланы жазган: Замир Жоошев

Суроо:

Менин даректүү каттоом (прописка) Каракол шаарында. Бүгүнкү күндө Бишкек шаарынын аймагында жеке ишкерликти баштаганы жатам. Эми мен Караколго барбай эле, Бишкектеги салык органынан жеке ишкер катары каттоодон өтсөм болобу?

Жооп:

Сиз жеке ишкер катары кийинки жерлерде мамлекеттик каттоодон өтө аласыз:

  • паспортуңузда көрсөтүлгөн дарек боюнча;
  • жашаган жериңиздин дареги боюнча;
  • ишкердик ишин жүргүзгөн жериңиз боюнча.

Башкача айтканда сиз Каракол шаарында да, Бишкек шаарында да ишкер катары катталсаңыз болот. Бул туурасында «Кыргыз Республикасында салык төлөөчүлөрдү салыктык каттоо тартиби жөнүндө» деп аталган жободо айтылат.

Бирок, белгилеп кетчү жагдай, эгерде сиз ыктыярдуу патенттин негизинде иш жүргүзө турган болсоңуз, анда сиз бир гана Бишкектен, башкача айтканда ишкердик ишин жүргүзгөн жерден каттодон өтүүгө милдеттүүсүз.

Жеке ишкер катары каттоодон өтүү үчүн жарандар салык органына төмөнкү документтерди берет:

1) DOC STI-163 формасындагы арыз. Бул арызды салык органынан алса болот;

2) өздүгүн күбөлөндүргөн документти жана ошол документтин көчүрмөсүн.

Ишкердикти ыктыярдуу патенттин негизинде жүргүзүүнү көздөгөн жарандар көрсөтүлгөн документтер менен бирге кийинкилерди да салык органына берет:

1) патенттин наркы төлөнгөндүгү тууралуу банктан берилген квитанцияны;

5) 3×4 өлчөмүндөгү бир фото сүрөтүн.

Ой-пикир кошуу

кирүү