Салыктан бошотуу – бул да жардам

Жогорку Кеңештин ырасмий Интернет-сайтында коомдук талкууга коюлган мыйзам долбоору нур терапиясы жана радиохирургия боюнча кызматтарды көрсөткөн жекече медициналык мекемелерди салыктардан бошотууну көздөйт

Мыйзам долбоорунун демилгечиси – Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын парламенттик фракциясынан депутат Дастан Бекешев.

Эл өкүлү, нур терапиясы жана радиохирургия боюнча кызматтарды көрсөткөн жекече медициналык мекемелерди киреше жана үстөк нарк салыктарынан бошотууну сунуш кылууда.

Депутат мыйзам долбооруна тиркелген негиздөө маалымдамасында аталган түзөтүүлөрдү кабыл алуунун муктаждыгын түшүндүрүп, өлкөдө шишик ооруларды дарылоо үчүн атайын жабдуунун жок экендигин, ал эми мындай оорулуулардын 80%ы дал ошол нур терапиясына муктаж болуп жаткандыгын баса белгилеген.

Аталган илдеттерди мамлекеттин гана карамагындагы медициналык мекемелерде дарылашат. Бирок тийиштүү шарттар менен тажрыйбалуу кадрлардын жетишсиздигинен улам пациенттер дары-дармеги жана процедуралары өтө кымбат болгон чет өлкөлүк клиникаларда дарыланууга аргасыз болушат.

Мындай абалды жакшы жагына өзгөртүү максатында Жогорку Кеңештин депутаты бир нече чараларды ишке ашырууну сунуш кылып келет да, алардын бири – нур терапиясы жана радиохирургия боюнча кызматтарды көрсөткөн жекече медициналык мекемелердин ишмердиги үчүн тийиштүү шарттарды түзүү.

Кыргыз Республикасынын салык кодексине ылайык, киреше салыгынын өлчөмү 10% түзсө, үстөк нарк салыгы 12% деңгээлинде белгиленген.

«Мыйзам долбоорун кабыл алуу мындан ары медициналык мекемелерге алар тарабынан нур терапиясынын акысын арзандатууга мүмкүнчүлүк берет. Ал эми мындай чара, өз кезегинде, пациенттер момун таризде өлүмдүн келишин күтүп отурбастан, өз убагында сапаттуу дарыланууга өбөлгө түзөт», – деп жазылган мыйзам долбооруна тиркелген негиздөө маалымдамасында.

Ой-пикир кошуу

кирүү