Сот иши башка судьяга тапшырылса…

Борбор шаардын Октябрь райондук сотунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин мурдагы депутаты Карганбек Самаковго каршы козголгон кылмыш иши боюнча корутунду сот жыйыны болуш керек эле. Судья соттолуучуга акыркы сөз кезегин берип, андан кийин өкүм түзүү үчүн кеңешүү бөлмөсүнө кирип кетиши күтүлгөн. Анткени тараптардын жарыш сөзү ушул жылдын февралында эле болуп өтүп, ал эми иш боюнча териштирүү аяктаган

Бирок күтүлгөн сот жыйыны деги эле болбой калды, себеби бул кылмыш иши башка судьяга – Дамирбек Назаровго өткөрүп берилди.

Мурда болсо аталган кылмыш иши судья Чыңгыз Адамкуловдун өндүрүшүндө эле. Бирок оор хирургиялык операцияга байланыштуу анын дени сак болбой, сот жыйыны бир нече жолу кийинкиге жылдырыла берген.

Бул кылмыш ишин кароого жаңы эле дайындалган судья аны биротоло кайрадан териштирүүгө милдеттүүбү?

Кыргызстан мыйзамдары бул суроого түздөн-түз жооп бербейт. Ошентсе да, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинде, ишти иликтөөнү кайрадан баштап, аны жаңыдан карап чыгууну көрсөткөн жоболор камтылган. Төмөндө ошол жоболордун айрымдары келтирилген:

  1. Сот териштирүүсүндө далилдердин бардыгы ТҮЗДӨН-ТҮЗ иликтенүүгө жатат. Сот соттолуучунун, жабырлануучунун, күбөлөрдүн, эксперттин корутундусун угуп, буюмдук далилдерди көрүп чыгып, протоколдорду жана башка документтерди ачыкка чыгарат да, далилдерди изилдөө боюнча башка да соттук иш-аракеттерди жасайт. Соттун өкүмү сот жыйынында изилденген гана далилдерге негизделиши керек (КР Жазык-процесстик кодексинин 253-беренеси);
  2. Сот ишке тийиштүү болгон далилдерди, иштин бардык жагдайларын ар тараптуу, толук жана калыс карап чыгууга негизделген өзүнүн ички ынанымы боюнча баалайт (КР ЖПК, 93-б.);
  3. Эгерде сотто тараптардын жарыш сөзү иретинде чыгып сүйлөп жаткан жактар же соттолуучу өзүнүн акыркы сөзүндө мурда изилденбеген, бирок ишке тиешеси бар далилдерге шилтеме кылса, сот тараптардын өтүнүчү же өз демилгеси боюнча соттук териштирүүнү кайрадан баштайт (КР ЖПК, 307-б.). Мында анык көрүнүп тургандай, жаңыдан дайындалган судья үчүн иш боюнча далилдер мурда изилденбеген болуп саналат;
  4. Соттун өкүмү, ал сотко көрсөтүлгөн далилдер ар тараптуу жана калыс изилденип, токтом кылынган учурда негиздүү деп эсептелет (КР ЖПК, 310-б.).
  5. Сотто төрагалык кылуучу, калыстыкты жана эч кимге жан тартпастыкты сактап, иштин жагдайларын ар тараптуу жана толук бойдон изилдөөгө керектүү шарт түзөт, ал далилдердин ортосунда пайда болгон карама-каршылыктарды аныктоого укуктуу (КР ЖПК, 255-б.).

Жогоруда айтылгандардан келип чыккан жыйынтык – бул мыйзамдуу, негиздүү жана адилет өкүм чыгарыш үчүн судья кылмыш ишин башынан аягына чейин жеке өзү изилдеп чыгууга тийиш.

 

 

Ой-пикир кошуу

кирүү