Жазын, кышын дебей, кыш чыгарат

Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматына караштуу №16-түзөтүү колониясында кыш куюу өндүрүшү кайрадан жанданды

Жаңы өндүрүштү ишке түшүрүү аземинде ЖАМК төрагасы Таалайбек Жапаров баса белгилегендей, абдан суроо-талап болуп жаткан бул маанилүү курулуш заты ушул жерде алгачкы ирет өз күчү менен өндүрүлүүдө.

Мекеме жетекчиси белгилеп өткөндөй, атайын өткөрүлгөн лабораториялык сыноо аталган өнүмдүн жогорку сапатта экендигин, айрыкча, ал шор топурагы жок болгондугун жана абдан бышык касиетин көрсөттү.

Кыш куюп чыгаруу жана аны сатуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы менен анын өнөр жай ишмердигин толук бойдон мойнуна алган «Келечек» ишканасына өндүрүштү өнүктүрүү жана түзөтүү мекемелериндеги инфратүзүмдү жакшыртуу үчүн өз алдынча акчалай каражат табууга мүмкүнчүлүк берет.

Алдын ала эсеп-кысап көрсөткөндөй, жаңы ишкана жыл сайын 1 миллион кыш чыгарууга жөндөмдүү. Болгондо да, чыгарыла турган кыш өнүмүнүн көпчүлүгүнө азыртан эле кардарлардан буюртма келип түшүп, алар 16-ТК чыгарган кыштын баасы өлкөдөгү ушул сыяктуу өндүрүүчүлөрдүкүнөн арзанырак экендигин баса белгилеп жатышат.

Мындан тышкары, Таалайбек Жапаров айтып өткөндөй, соттолгон жарандардын ишканада эмгектениши ЖАМК алдында турган бир катар маанилүү социалдык маселелерди чечүүгө өбөлгө түзөт. Алардын негизгиси – камактан чыккандарды коомго кошуу жана алардын жамаатка аралашып кетиши. Ал эми бул жерде эмгектенүү – бул өз колу менен акчалай каражат таап, үй-бүлөсүнө жардам берүү дегендикке жатат. Ошондой эле иштеп жаткан туткундардын аң-сезиминде белгилүү психологиялык кайра куруу жараяны жүрүп, алар өз ыктыяры менен тартипке көнө баштайт жана кылмыш иштерине кайрадан аралашып кетүү ыктымалы азаят.

Азыркы учурда, базар чөйрөсүндө суроо-талап болуп жаткан ар түрдүү өнүм чыгарыла турган жаңы өндүрүштүк участкаларды ачуу максатында үч долбоор даярдалып, макулдашуу үчүн демөөрчүлөргө жөнөтүлгөн.

Cүрөт: Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы

Ой-пикир кошуу

кирүү