Туткун балдардын укуктарын коргоо үчүн

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын ырасмий өкүлү Элеонора Сабатарова билдиргендей, ЖАМК жабык мекемелеринде жашы жете электерди кыйноолордон жана башка ырайымсыз мамиле түрлөрүнөн коргоо боюнча кошумча чаралар ийгиликтүү ишке ашырылып баштагандан бери бир ай өттү

Ошол чаралардын бири – бул алардын укуктары ЖАМК кызматкерлери тарабынан бузулгандыгы жөнүндө атайын ачылган даттануулар жана кайрылуулар үчүн кутулар аркылуу кабарлоо мүмкүнчүлүгү болуп калды. Э.Сабатарова ишендирип кеткендей, ошол кат-кабарларды жабык системада иштегендер текшере албайт жана ал турсун мазмунун билүүгө да акысыз.

Мурдарак Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматында ЖАМК, Кыйноолордун жана башка ырайымсыз же адам кадыр-баркын кемсинткен мамилелердин жана жазалоонун башка түрлөрүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук борбору жана Жашы жете электерди кыйноолордон жана башка ырайымсыз мамиле түрлөрүнөн коргоо боюнча «Лигал просперети» коомдук кору ортосунда Кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлган.

Ушул документке ылайык, ЖАМК үч мекемесинде даттануулар жана кайрылуулар үчүн атайын кутулар орнотулган. ЖАМК жетекчилиги жабык мекемелерде күтүлгөн бардык өспүрүмдөр үчүн ошол кутучалар кол жетерлик болушун кепил кылган, аларды калем саптар жана кагаз менен камсыз кылууга жана бардык келип түшкөн даттанууларга иштиктүү таасир этүүгө милдеттенме алган.

ЖАМК тарабынан аталган меморандумга кызматтын төрагасы Таалайбек Жапаров, Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбор наамынан – анын директору Нурдин Сулайманов, «Лигал просперети» коомдук корунан – анын жтекчиси Надира Эшматова кол койгон.

ЖАМК ырасмий өкүлү Элеонора Сабатарова билдиргендей, камактагылардын укуктарын коргоо боюнча алгачкы чаралар, айрыкча даттануулар жана кайрылуулар үчүн атайын кутуларды орнотуу, бул жабык тармакта беш жыл мурда ишке ашырылып баштаган.

 

Ой-пикир кошуу

кирүү