Жоопкерчиликти тартканга даяр

«Кандайдыр бир мыйзам бузулса, ал жерден жоопкерчиликти мен тартам», –  деп билдирди Кыргыз Республикасынын өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу комитетинин төрагасы Дүйшөнбек Зилалиев. Ал, депутат Жанар Акаевдин чехиялык «Liglass Trading CZ» компаниясы тууралуу суроосуна жооп берип жатып, дал ушундай деди

Эл өкүлү ушул сыяктуу суроону Жогорку Кеңештин жаңы өкмөттүн түзүмүн тандоо үчүн чогулган кезексиз отурумунда премьер-министрдин ордуна талапкер катары көрсөтүлгөн Сапар Исаковго да берди.

«Liglass боюнча менден кийин да парламентте көп суроо болот. Тапшырган документтери жөнүндө алар өзү берген маалыматтар да, алар мурда ГЭС курганы да калп болуп чыкты, илимий базасы болуш керек эле деп турат, – айтор, мындай табышмактуу жагдайлар көп. Дүйшөнбек Текшербекович, Сапар Жумакадырович, ушул боюнча айтып койсоңуз, эгерде булар “Русгидро”го 37 миллионду төлөй албаса, конкреттүү жоопкерчиликти ким тартат?», – деп сурады Акаев.

Талапкер «Мамлекетке кандай зыян келтирилиши мүмкүн экендигин билбейм. Бирок, эгерде мамлекетке кандайдыр бир зыян келтирилсе, жоопту алганга даярмын», – деп билдирди.

Дүйшонбек Зилалиев анын жообун колдоп, улап кетти: «Мамлекеттик бюджетке же Кыргызстандын өзүнө бир тыйындык зыян тийген жок. Бул бир. Экинчиси, 1 миллион 170 миң доллар төккөн. Бүт документтерди биз интернетке бердик. Алардын бардыгы жасалган иш, калп дегендин өзү даана калп, туура эмес сөз. Ал эми кандайдыр бир мыйзам бузулса, ал жерден жоопкерчиликти мен тартам», – деп, түшүндүрдү Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу комитетинин төрагасы.

Д.Зилалиев берген жообуна тийиштүү, парламентарий ал кызматынан көтөрүлүп жаткандыгын эскертип, андан татыктуу, жоопкерчиликтүү ишти күтөөрүн билдирди.

Ой-пикир кошуу

кирүү