Жумушту сагынып кетебиз го …

Ушул жумада кыргызстандыктар катарынан төрт күн эс алышат. Кыргыз Республикасынын эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги маалымдагандай, кадимки эле эки дем алыш күндөрүнө эки майрам күн кошулат: 31-августта Эгемендик күнү, ал эми 1-сентябрда «Курман айт» майрамдары белгиленет

Эмгек кодексине ылайык, соңку майрам баштала турган анык учурду Ай жылнаамасы боюнча Кыргызстан мусулмандарынын диний башкармасы аныктайт. КМДБ Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигине берген маалыматка ылайык, ушул жылы «Курман айт» 1-сентябрда белгиленет. Ошону менен бирге бул маараке «Билим күнүнө» туш келүүдө.

Кыргызстандыктар дагы кандай күндөрдү майрам деп билишет? Эмгек кодексине ылайык, өлкөдө төмөндөгү күндөр майрам болуп саналат:

1январ Жаңы жыл;

7январ — Ыйык Рождество;

23феврал — Мекен коргоочулар күнү;

8март — Аялдардын эл аралык күнү;

21март —Нооруз;

7апрел – Элдик апрел ыңкылабы күнү;

1майЭмгек майрамы;

5май Кыргыз Республикасынын Конституция күнү;

9майЖеңиш күнү;

31август —Кыргыз Республикасынын Эгемендик күнү;

7 ноября — Улуу Октябр социалисттик ыңкылабы күнү.

Бирок жазуу түрүндө кызматчынын макулдугун алып, ал төмөндөгү жумуштарга тартылышы мүмкүн:

— өндүрүштөгү авариялардын, кыйроолордун алдын алуу, өндүрүштүк авариянын, кыйроонун же табигый кырсыктын кесепеттерин жоюу;

— кырсыктардын, мүлккө зыян келтирүүнүн же аны бузуунун алдын алуу;

— бүтүндөй уюмдун же анын бөлүктөрүнүн кадимки эле иш-аракети көз каранды болгон жана алдын ала билүүгө болбой турган зарыл жумуштарды аткаруу.

Калкты тейлөө муктаждыгына байланышкан, өндүрүштүк-техникалык шарттар боюнча токтолушу мүмкүн болбой турган, ошондой эле кечиктирилгис оңдоо жана жүктөө-жүк түшүрүү иштери майрам күндөрү жүргүзүлүшү мүмкүн.

Ошондой эле, Өкмөт тарабынан тийиштүү тартипте бекитилген категориялардын тизмесине, ал эми башка уюмдарда – жамааттык келишим бекиткен тартипке ылайык, дем алыш жана майрам күндөрү  кинематография, теле-көрсөтүү жана видео тартуу, театрлардын жана цирктердин чыгармачыл кызматкерлери жумушка тартылышы мүмкүн.

Тараптардын келишүүсү боюнча, дем алыш же майрамдык эс алуу күндөрү жумуш аткаруунун ордуна башка учурда дем алыш берилет же ал күндөр кезектеги эмгек өргүүсүнө кошулат, же болбосо жок дегенде эки эсе көбүрөк өлчөмдө акчалай түрдө төлөнөт.

Ой-пикир кошуу

кирүү