Абакта да аялзатын кор кылба…

Кыргызстандын жабык мекемелеринин Камактагы аялдарга мамиле кылуу боюнча Бириккен Улуттар Уюмунун эрежелерин ишке ашыруу иретинде укук тартибин бузган аялдарга карата эркинен ажыратууга байланышпаган чараларды колдонуу иш-аракеттери кыйынчылыктарга учуроодо

Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын ырасмий өкүлү Элеонора Сабатарова «Прецедентинфо» маалымат кызматына буларды билдирди:

– Биз «БУУнун Баңкок эрежелери» деген аталышта дагы белгилүү болгон ушул документти жүзөгө ашырууга аракеттенгенибизде, саналган гана аялдарды аларды күтүүнүн башка, эркинирээк тартибине өткөрө алдык. А бирок аталган иш-чаралар мурдатан эле камактагы аялдарга болгон мамилени жумшартууга багытталган.

Албетте, башынан эле бул жакшы идея, бирок иш жүзүндө ал ийине жеткирилбей калган болуп чыкпадыбы. Анткени Жогорку Кеңештин депутаттары жайкы дем алышка кете электе эле тийиштүү документти кабыл алышкан, бирок аны жүзөгө ашыруунун жол-жобосу өтөөсүнө чыкпай калган экен. Мына эми, парламент эс алуудан кайтып келген соң, буюрса, аны биргелешип жакшыртабыз го, – деп билдирди Элеонора Сабатарова.

Үстүбүздөгү жылдын 19-30-июн күндөрү эле Бишкекте № 2-, 21-камак жайларынын, № 14-мекемесинин алдындагы жана 53-тергөө абактарынын кызматкерлери үчүн бир катар машыгуулар өткөрүлгөн.  Ал окуу Камактагы аялдарга мамиле кылуу жана укук тартибин бузган аялдарга карата аларды эркинен ажыратууга байланышпаган чараларды колдонуу боюнча Бириккен Улуттар Уюмунун эрежелерин («БУУнун Баңкок эрежелери») ишке ашыруну көздөгөн.

Ошол мезгилдеги окутууну камалгандарды күтүүнүн шарттарын жакшыртуу алкагында өлкөнүн Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматына жардам берүүнү улантып жаткан Кызыл чырым эл аралык комитетинин Кыргыз Республикасындагы миссиясы өткөргөн.

Аталган окутуунун жүрүшүндө ар түрдүү категориялардагы туткун аялдарга мамиле кылуу боюнча эр аралык стандарттар менен улуттук мыйзамдар талкууланган. Алсак, бул тыянактар жабык мекемелердеги жаш балалуу аялдар, жашы жете элек өспүрүм кыздар, зордук-зомбулук жана зордуктоого чалдыккан, майып, тигил же бул жаман адаттарга көз каранды аялзат менен кантип мамиле түзүү керек деген маселелердин чоо-жайы каралды.

– Аялдардын аталган категорияларынын ар бири кандайдыр бир өзгөчөлүктөргө ээ, ошондуктан аларга мамиле кылуунун да өз алдынча жол-жоболору бар. Биз ошондой эле аялдарга гана тийиштүү өзгөчө муктаждыктарын канаат кылуу маселелерин, – мисалы, саламаттыгын сактоо жана жекече тазалыгы, коопсуздугу жана тартиби, сырттагы чөйрөгө байланышуу сыяктуу көйгөй-түйшүктөрдү карап чыгабыз, – деп белгилеген ошол учурда Кызыл чырым эл аралык комитетинин жабык мекемелер тармагы боюнча кеңешчиси Зоя Майя Хасия.

Эскертме:

«БУУнун Баңкок эрежелери» аялдардын сот адилеттиги чөйрөсүндөгү абалына тийиштүү кемчиликтерди толтуруу иретинде БУУ Башкы ассамблеясы тарабынан 2010-жылдын декабр айында кабыл алынган. Алар мурдарак бекитилген Камактагыларга мамиле кылуу боюнча минималдык стандарттык эрежелерди («Нельсон Мандела эрежелери») жана Абакка камоого байланышпаган чараларга карата БУУнун минималдык стандарттык эрежелерин («Токио эрежелери») алмаштыра албайт, бирок толуктайт.

 

Ой-пикир кошуу

кирүү