Илдетке каршы биригип…

Бүгүн Бишкекте Борбордук Азияда кургак учукту биргелешип көзөмөлдөө боюнча экинчи эл аралык конференция башталды

Эртең жыйынтыктала турган бул иш-чарага Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун 2015-2035-жылдарда «Кургак учукту токтотуу» стратегиясында белгиленген милдеттерди ишке ашыруунун жолдорун жана жылыштарды талкуулоо үчүн түрдүү өнөктөштөр жана кургак учук боюнча иштеген медицина адистери чогулушту. Ушул стратегия азыркы учурга салыштырмалуу кургак учуктан көз жумгандардын санын 95%га жана ооруга чалдыгууну 90%га кыскартууну көздөйт.

Бийик деңгээлдеги бул жыйынды АКШнын эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттигинин (USAID) колдоосунда Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министрлиги уюштурду.

Конференцияга Америка Кошмо Штаттары, Германия, Грузия, Казакстан, Кыргызстан, Кытай, Нидерланд, Өзбекстан жана Тажикстандан келген 250гө жакын мамлекеттик жана медицина кызматкерлери катышууда. Алар кургак учукка каршы күрөшүүдөгү көйгөйлөрдү, жаңы ыкмаларды,  ийгиликтерди, ошондой эле өлкөлөрдүн ортосунда кызматташууну күчөтүү маселелерин талкуулап баштады. Ушул чоң жыйында дартты аныктоонун жана дарылоонун өркүндөтүлгөн ыкмалары, аталган “каргыш” ноокаска тийиштүү коомдогу жериш көрүнүшүнө жана кургак учуктун дары-дармекке туруштук берген түрлөрүнө каршы күрөшүү, бейтаптарга колдоо көрсөтүү сыяктуу башка да маанилүү темалар каралып жатат.

Кургак учукка чалдыгуу жана анын айынан өлүмгө дуушар болуу сыяктуу негизги көрсөткүчтөрдө  алга жылыш болуп жаткандыгына карабастан, бул дарттын дары-дармекке туруштук берген түрүн дарылоодо кыйынчылыктар бар жана анын деңгээли Борбор Азияда дале болсо жогору бойдон калууда. Кыргызстанда кургак учук илдетинин жаңы катталган учурларынын дээрлик бир чейреги – дал ошондой түрдүү.

Америка Кошмо Штаттары ушул жугуштуу ооруга каршы күрөшүү үчүн чөлкөмдөгү өлкөлөрдүн өкмөттөрү жана башка кызыкдар тараптар менен кызматташат. Кыргыз Республикасында лабораторияларды жаңылоо, дарылоонун жаңы ыкмаларын киргизүү, бейтаптарга социалдык колдоо көрсөтүү жана кургак учукка каршы жардам берүү боюнча кызматтарды көрсөтүүнүн сапатын жакшыртуу, саламаттык сактоо тармагын кайра түзүү боюнча USAID менен өкмөттүн биргелешкен күч-аракеттеринен улам бул оорунун жайылышы кыскартылган.

Кургак учукту биргелешип көзөмөлдөө боюнча биринчи эл аралык конференция 2016-жылы Казакстандын түштүк борбору Алматы шаарында өткөн. Ал эми үстүбүздөгү жылы бул жыйын Кыргыз Республикасынын фтизиатрия улуттук борборунун 60 жылдыгына байланыштуу Бишкекте өтүп жатат.

Ой-пикир кошуу

кирүү