Салыкчылар – көзөмөлдө

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик салык кызматында Коомдук кеңештин жаңы курамынын алгачкы жыйыны болуп өттү. Бул таанышуу иш-чарага МСК төрагасы Октябрь Абдыкайымов менен мекеменин статс-катчысы Жакып Карагул уулу катышты

МСК басма сөз кызматы билдиргендей, Мамлекеттик органдардын алдындагы коомдук кеңештерге мүчөлөрдү тандоо комиссиясынын өкүлү Александр Степанюк МСК жетекчилери менен коомдук ишмерлерди бири-бирине тааныштырды.

МСК төрагасы Октябрь Абдыкайымов Коомдук кеңештин жаңы курамын куттуктап, биргелешкен өз ара иш-аракетте албан-албан ийгиликтерди каалады.

Коомдук кеңештин мурдагы курамдарынын ишмердигин оң баалап, О.Абдыкайымов мындан ары да ошол жакшы салтты улантуу, МСКнын күнүмкү жумушундагы, салыктарды башкаруудагы көйгөйлүү маселелерди бирге көтөрүп, аларды чечүүдө ынтымакташып натыйжалуу иш-чараларды иштеп чыгууга үмүт артып жаткандыгын билдирди.

– Татаал, чечиле элек көйгөй-түйшүктөр дале болсо көп. Биз силердин колдооңорго муктажбыз. Биз силер менен ачык ой-пикир алмашып, кызматташууга дайым даярбыз. Эшиктерибиз силер үчүн дайым ачык, – деп баса белгиледи төрага.

Андан соң жыйындын катышуучулары уюштуруу маселелерин талкуулоого өттү.

МСК Коомдук кеңешинин курамы төмөндөгүдөй:

– Дамир Молоев, Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиянын ага окутуучусу;

– Дамира Бейшеналиева, жеке ишкер;

– Айбек Кудайкулов, жергиликтүү Кеңештин депутаты;

– Луиза Жалилова, Бишкек гуманитардык университетинин улук окутуучусу;

– Разияхан Абдиева, «Манас» КТУнун улук окутуучусу;

– Жылдыз Өмүрова, Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясы факультетинин деканы;

– Ильяс Турдиев, жеке ишкер.

МСК Коомдук кеңешинин төрагалыгына Ильяс Турдиев шайланды.

Аткаруу бийлиги мекемелеринин алдындагы Коомдук кеңештер 2010-жылы түзүлгөн.

Алардын негизги максаты – аталган бийликтин коомдун алдында жоопкер болушун жана аны менен биргелешип мамлекеттик саясатты иштеп чыгаруу жана жүзөгө ашыруу жараянында коом менен өз ара шайкеш иш-аракет жүргүзүшүн камсыз кылуу. Коомдук кеңештер карапайым калк, ишкерлер жана мамлекеттик органдардын арасында ортомчулук озуйпасын аткарып, алар өз ишмердигин ачык-айкын жана жемкордукка малынбай жүргүзүшүн көзөмөлгө алат. Бул коомдук топтордун курамына атаандаштык негизде коомчулук, илимий мекемелер, ишкердик бирикмелер, тармактык кесиптик кошундар жана ар кайсы чөйрөлөрдүн эксперт адистери тартылат.

 

Ой-пикир кошуу

кирүү