Белекке беришти сейил бакты

Соңку ишемби күнү, 9-сентябрда, Ысык-Көл областынын административдик борборунда Каракол дарыясынын жээгинде «Ривер-парк» деп аталган жаңы сейил багы ачылды

Бул ырасмий аземге Америка Кошмо Штаттарынын Кыргызстандагы убактылуу ыйгарым укуктуу өкүлү Алан Мельцер, өкмөттүн Ысык-Көл областындагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Дамир Моңолдоров жана Каракол шаарынын мэри Данияр Арпачиев катышты. Аталган бакта эми коомдук иш-чаралар өткөрүлүп, аймакка келген туристтер жана жергиликтүү тургундар эс алышат. Бул парк АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттигинин (USAID) Каракол шаарында жана Кыргызстан боюнча чет элдик туристтердин санын көбөйтүү аркылуу жаңы жумуш оундарын ачып, жергиликтүү коомчулуктун кирешелерин көбөйтүү аракетинин алкагында курулду.

– Каракол буга чейин да туристтерди өзүнө тарткан шаар катары белгилүү эле, бирок эми «Ривер-парк» ачылып, ал Каракол дарыясынын жээгин жыл бою коомдук иш-чаралар, мааракелер жана фестивалдар өтө турган абдан кооз коомдук жайга айландырат, – деп билдирди өз сөзүндө салтанаттуу ачылыш аземинде чыгып сүйлөгөн Алан Мельцер.

Сейил багынын курулушу туризм жаатындагы 35 ишкананын башын бириктирген «Каракол дестинациясы» («Сапар максаты – Каракол») коомдук бирикмесинин демилгеси  менен башталып, USAID жана Каракол шаарынын мэриясынын өнөктөштүгү менен ишке ашты. «Ривер-парк» сейил багы, туристтер шаардын айланасындагы тоолорго чыгып кеткенге чейин Каракол шаарында көбүрөөк убакытка калып, натыйжада жергиликтүү чакан жеке ишканаларынын ээлери үчүн кирешесин көбөйткөнгө өбөлгө түзөт.

«Ривер-парк» долбоорунан тышкары, USAID Каракол шаарында конок үйлөрдү иштетүү жана туристтер үчүн жаңы сунуштарды иштеп чыгуу боюнча трениңдерди өткөрүп, шаарда алгачкы акысыз WiFi тармагын орнотуп, Каракол шаарын эл аралык басылмалар жана туристтик көргөзмөлөр аркылуу туристтик базар чөрйрөсүнө илгерилетүү боюнча долбоорлорду ишке ашырган.

 

Ой-пикир кошуу

кирүү