Зомбулуктун алдын алып…

Бүгүн жана эртең, 14-15-сентябр күндөрү Бишкекте Кыргыз Республикасынын жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы Бириккен Улуттар Уюмунун Баңгизат жана кылмышкердик боюнча башкармалыгы менен бирге жана Япония өкмөтүнүн колдоосунда «Камак жайларында зордук-зомбулуктун өрчүп кетишинин алдын алуу» аттуу эл аралык конференцияны өткөрүүдө

ЖАМК ырасмий өкүлү Элеонора Сабатарова билдиргендей, ушул жыйынга КР Коопсуздук кеңешинин катчысы Жеңиш Разаков, вице-премьер-министр Темир Жумакадыров, БУУнун Баңгизат жана кылмышкердик боюнча башкармалыгын чөлкөмдүк өкүлү Ашита Митталл, ЖАМК төрагасы Таалайбек Жапаров, ошондой эле Австрия, Голландия, Казакстан, Латвия, Өзбекстан жана Тажикстандан келген эксперттер катышууда.

Бул чоң жыйындын күн тартибинде – Борбор Азия мамлекеттеринин жаза аткаруу тармагынын террористтик кылмыштар үчүн камалгандар менен иштешинин тажрыйбасы, ал чөйрөнү ажырата бөлүштүрүү жана коркунучтарга баа берүү маселелерин талкуулоо. Конференция катышуучулары ошондой эле түзөтүү мекемелеринде зордук-зомбулукка ооп турган камалгандарды ниетинен баш тартууга ыктаган программаларды, экстремисттик иш-аракеттерге каршы күрөшүүдө мамлекеттик органдардын жана коомдук уюмдардын өз ара кызматташтыгын күчөтүү маселелерин талкуулашат.

Эл аралык жыйын «Орион» мейманканасында өтүп жатат (Эркиндик проспекти, 21, кире бериш С.Чокморов көчөсүнөн).

Ой-пикир кошуу

кирүү