Курман болгон кесиптештер элесине

Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын №50-тергөө абагында ушул мекеменин 2015-жылы  кызматта курман болгон кызматкерлеринин элесине арналган футбол боюнча турнир болуп өттү

Жер-Казар айылында өткөрүлгөн мелдешке Чүй областынын жана Нарын шаарынын жабык мекемелеринин 15 спорт тайпалары катышты. Турнир алдында аза күтүү аземи болуп, курман болгондорго багышталып, Куран окулду, жыйылгандардын алдында көздөрүнө жаш алып, чыгып сүйлөгөн жакындары маркум туугандарынын кесиптештерине ыраазылык билдиришти. Чогулгандардын бардыгы ошол каргашалуу күндү жүрөгү сыздап эскеришти. Тергөө абактын жамааты жеке каражаттарынын эсебинен курман болгон жолдошторуна арналган эскерүү бурчун уюштурду.

Спорт таймаш алдында футболисттер менен жалпы эле чогулгандарга ЖАМК жетекчилиги, мекемелер башчылары, 50-тергөө абагынын кызматкерлери кайрылышты. ЖАМК төрагасы полковник Таалайбек Жапаров өз сөзүндө эки жыл мурда орун алган окуялар кайталанбастыгы үчүн бардык чаралар көрүлгөндүгүн баса белгиледи.

Салтка айланып калган бул аземге мурда ЖАМК мекемелеринде кызмат өтөгөн ардагерлер да чакырылды. Ушул күнү атайын көчмө ашкана иштеп, ашпоздор оюнчулар менен көрүүчүлөргө ысык тамак тартуулашты.

Турнирде биринчи орунду ЖАМК борбордук аппаратынын командасы ээледи. Экинчи орунга 21-тергөө абагынын спорт тайпасы, үчүнчү байгелүү орунга болсо Нарын шаарындагы 24-ТА кызматкерлери жетишти. Мыкты дарбазачы деп №47-түзөтүү колониясынын өкүлү Адил Абдыжапаров, эң сонун коргоочу катары №27-мекеме кызматкери Кубанычбек Сыдыков, теңдеши жок чабуулчу деп №24-мекемеде кызмат өтөгөн Кубандык Кудайбергенов таанылышты.

Турнир жеңүүчүлөрүнө, кызматта курман болгон 50-тергөө абагынын кызматкерлеринин сүрөттөрү тартылган атайын өтмө аяк, диплом жана акчалай сыйлыкты ЖАМК төрагасынын биринчи орун басары ички кызмат полковниги Жоробек Дүйшөмбиев ыйгарды. Ал кийинки жылы ушул турнирге чөлкөмдөрдөн келген спортчулар көбүрөк катышарын баса белгилеп, Кыргызстан футбол федерациясынын калыстар тобуна өз милдетин мыкты аткаргандыгы үчүн алкыш айтты.

Ой-пикир кошуу

кирүү