Эт экспортун кеңейтип…

АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (USAID) Кыргызстандын жеке сектору менен биргеликте эт продукциясы үчүн экспорттук рынокту кеңейтүүдө

Эт өнүмдөрүнүн эң ири өндүрүүчүлөрүнүн бири болгон «Адал Азык» компаниясы АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги менен кызматташтыкта Нарын облусунун Кочкор районунда мал союлуучу жаңы ишкана ачты. Ал Кыргызстанда ачылган эл аралык тамак-аш коопсуздугун камсыз кылуу боюнча эл аралык стандарттарына жооп берген (НАССР) жана чет өлкөлүк кардарлардын талаптарына ылайык сертификацияланган цехтердин экинчиси болуп калды.

USAID Миссиясынын  экономикалык өнүктүрүү боюнча бөлүмүнүн директору Луис Эрнандез мырзанын айтуусу боюнча, жаңы ишкана кошумча жумуш орундарын гана түзбөстөн, жергиликтүү фермерлерден мал сатып алуучу ири коммерциялык кардарлардын бири катары кызмат кылат. Бул өндүрүш кубаттуулугу жылына 10 миңден ашык малды союуга жараган ишкана, бир жарым миңден ашык фермердин кирешесин көбөйтүүгө көмөктөшөөрү күтүлөт.

USAID бул долбоорго өндүрүштүк линияны сатып алууга каржы бөлүп берип, “Адал Азык” компаниясына жана жергиликтүү фермерлерге техникалык көмөк көрсөтүү аркылуу салым кошту. USAID тарабынан көрсөтүлгөн жардам менен эксперттик колдоонун натыйжасында, мал союу цехинен чыккан эттин сапаты жана компаниянын өндүрүш процесстери эл аралык стандарттарга жооп бере баштады, ал эми Кыргызстандын эт өнүмдөрүнө жаңы базарларга жаңы жолдор ачылды.

USAID Кыргызстан боюнча 55тен ашуун жеке агроишканалар менен кызматташып, алар үчүн рынокторду кеңейтүү, өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу, фермерлерди жана өндүрүүчүлөрдүн кирешесин көбөйтүү боюнча көмөк көрсөтүп келүүдө. Мындай өнөктөштүк Нарын, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын миңдеген фермерлеринин пайдасына иш алып баруу максатында жергиликтүү жеке булактардан 22,5 миллион АКШ доллары өлчөмүндөгү инвестиция тартып келди.

Ой-пикир кошуу

кирүү