Кыргызская Республика,
г. Бишкек
ул. Сыдыкова 187, офис 28
15-сентябрда Америка Кошмо Штаттарынын элчилигинин Кыргыз Республикасындагы убактылуу ишенимдүү өкүлү Алан Мельтцер Талас облусунун сегиз китепканасына 13560 китеп тапшырды
Кече АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин басма сөз кызматы билдиргендей, ар бир китепкана жаш окуучуларга ылайыкталган жомоктор, ырлар, аңгемелер, табышмактарды камтыган 1695 китеп алды. Бул китептер баштапкы класс окуучулардын шар окуусун өөрчүтүүгө багытталган “Бирге окуйбуз” долбоорунун алкагында берилди.
Китептерди тапшыруу аземи Талас облустук китепканада Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин, Талас облусунун билим берүү бөлүмүнүн жана китепканалардын өкүлдөрүнүн катышуусунда өттү.
Жалпысынан, USAID өлкө боюнча 86 китепканага 145 506 китеп тапшырып жатат.
“Бирге окуйбуз” долбоору аркылуу USAID менен Билим берүү жана илим министрлиги жаңы ыкмалар, жакшыртылган материалдар аркылуу жаш балдардын шар окуу жөндөмүн өркүндөтүүгө көмөктөшөт. Долбоор өлкө боюнча мектептердин 60% камтып, 260 миңден ашуун окуучуга текст окуп түшүнүүсүн өөрчүтүүгө жардам берип жатат. Ал эми окуу жөндөмү, өз кезегинде, жалпы билим алууга, келечекти кеңейтүүгө чоң өбөлгө түзөт.
Автор: Бермет Джаныкулова Сүрѳт: Алина Печенкина Маалыматтарга жетүү – жарандардын маанилүү укуктарынын бири жана бул укук мыйзам жаратуу процессинде өзгөчө чоң роль ойнойт. Дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрүндө […]