Парламенттин отурумдарына кирүүдөгү көйгөйлөр

“Precedentinfo” маалымат кызматы Жогорку Кеңештин отурумдарына кирүүнү камтыган ченемдик укуктук актылардын кыскача анализин өткөрүп, парламенттин отурумдарына барууга тоскоол кылган көйгөйлөрдү аныктады

Комиттердин, фракциялардын отурумадырында, ошондой эле пленардык отурумдарда жарандардын катышуу маселесин жөнгө салуу төмөндөгү ченемдик укуктук актыларда негизделет.

  1.  “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө” мыйзам (мындан ары – Мыйзам)
  2.  “Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” (мындан ары – Регламент)
  3.  “Жогорку Кеңешинин жана анын органдарынын ачык жыйналыштарына жарандардын жана юридикалык жактардын өкүлдөрүнүн катышуусунун тартиби жөнүндө” жобо (мындан ары – Жобо)

Кандайдыр бир комитеттин, фракциянын отурумунда же пленардык отурумда катышууну каалаган ар бир адам төмөндөгү көйөйлөргө учурашы мүмкүн.

Пландаштырылган отурумдар жөнүндө коомду өз убагында эмес кабарлоо

Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын жабык жыйналыштарынан башка жыйналыштары коомчулук үчүн ачык болуп саналат деп Мыйзамда бекитилген. Регламент бул жобону тактап, Жогорку Кеңештин жыйналыштары дагы ачык деп көрсөтөт. Анда жарандардын жана жарандык коомдун өкүлдөрү Жогорку Кеңештин жана анын органдарынын ачык жыйналыштарына катышуу тартиби Жогорку Кеңеш тарабынан бекитилүүчү Жободо каралган деп белгиленет.

Мыйзамда көрсөтүлгөндөй, мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары ай сайын жыйналыштарды өткөрүү планын, жыйналыштардын күн тартибин, ошондой эле аны өткөрүү күнүн, убактысын жана ордун көрсөтүү менен жалпыга маалымдоо каражаттарына же өзүнүн расмий сайтына жарыялайт. Ошону менен бирге алар өздөрү жайгашкан жерде маалымат такталарын жабдыйт, анда жыйналыш күнүнө чейин бир жумадан кечиктирбестен анын күн тартиби, убактысы, ошондой эле жыйналышты өткөрүүнүн ачык же жабык режими жөнүндө маалымат жайгаштырылат.

Жогорку Кеңештин жана анын органдарынын ачык жыйналыштарына катышууга табыштама жазуу жүзүндө:

– Жогоку Кеңештин жыйналыштарына катышуу үчүн үчүн – 10 күн мурда;

– Комитеттин же убактылуу депутаттык комиссиянын жыйналыштарына катышуу үчүн – 5 күн мурда;

– Фракциянын же коалициянын жыйналыштарына катышуу үчүн – 5 күн мурда берилет.

Табыштамада Жогорку Кеңештин жана анын органынын ачык жыйналыштарынын өткөрүү датасы, убактысы жана күн тартибиндеги маселеси көрсөтүлүшү керек.

Бирок, иш жүзүндө парламенттин официалдуу сайтында мындай маалымат орточо алып келгенде 3 күн мурда чыгарылат, а кээ бир учурларда такыр эле чыгарылбайт.

Парламенттин жана анын органдарынын жыйналыштарына катышуу үчүн арызды кароо мөөнөтү боюнча эч кандай талап жок

Иш жүзүндө жарандар көп убакыт бою мамлекеттик органдардан жооп күтүүгө туура келгендиги үчүн кээдэ жарандар ар дайым эле парламенттин же анын органдарынын жыйналыштарына кире ала албайт. Мындай талаптын зарылдыгы  ошол себептер менен шартталат.

Бир нече кызмат адамдардан чечимдерди кабыл алуу боюнча көз карандылык

Парламенттин жана анын органдарынын ачык жыйналыштарына катышуу үчүн арыз тиешелүү органдын жетекчисинин (комитет же фракция) жана ЖКтин Аппаратынын жетекчисинин же анын орун басарынын наамына берилет. Чечимдер алар тарабынан кабыл алынат.

Мындай адамдардын жумуш жүгүн, ошондой эле арыздан баш тартуу үчүн негиздер жоктугун эске алып (арыздын формасы Жобого туура келбейт дегенден тышкары), парламенттин отурумдарында жарандардын катышуу тартибин мындан да эффективдүү жол менен уюштуруп койсо болот болчу.

Келгендер үчүн орундардын саны жетишсиз

Мыйзамда келүүчүлөр үчүн орундардын саны жазылган санына жараша эсептелет, бирок Жогорку Кеңештин жыйналыштарындагы орундардын жалпы саны, жок дегенде, ондон кем эмес болуш керек деп белгиленген. Жободо болсо ал орудардын саны Жогорку Кеңещтин органдардын жыйналыштарында 10дон ашык эмес, ал эми пленардык жыйналыштарда 20дан ашык эмес болуш керек деп айтылат. Албетте, бул жерде Жобонун нормасы жарым-жартылай Мыйзамга ылайык келбейт экендиги анык.

Дресс-код

Парламенттин имаратына кирүү, ошондой эле “Административдик имаратка өткөрүүнүн режими жөнүндө” Жобого ылайык жүзөгө ашырылат. Бул жобонун үзүндүлөрү парламенттин имаратындагы өткөрүү пункттарында жайгаштырылган, анда ЖКнын имаратына спорт кийимчен жана обу жок ачык кийимчен кирүүгө болбойт деп жазылган.

Депутат Дастан Бекешев жөнөкөй жарандарда тиешелүү ишкердик стилиндеги кийим болушу мүмкүн эмес экенин белгилеп, пленардык жыйынында бул маселени көтөрүп, бул талапты жоюуну сураган.

Сүрөттүн автору: Sputnik.kg

Ой-пикир кошуу

кирүү