Соттордун санын көбөйтүү сунушталууда

“Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун түзүмүн жана жергиликтүү соттордун штаттык эсебин бекитүү жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталууда.  Мыйзам долбоордун максаты 2019-жылдын 1-январынан баштап күчүнө кире турган Кылмыш-процессуалдык кодекске “тергөөчү судья” институтунун киргизилишине байланыштуу жергиликтүү сотторго кошумча штаттык бирдик киргизүү. Бул өзгөртүүлөр райондор аралык жана областтык сотторго тишелеүү эмес.

Кыргыз Республикасынын соттор Кеңешинин чечими менен райондук жана шаардык сотторундагы штат бирдиктерин көбөйтүү төмөнкү тизмеде сунушталып жатат:

Бишкек шаарында – 4 судьяга;

Чүй областындагы сотторду  9 судьяга;

Ош областык жана Ош шаардык сотторун 8 судьяга;

Жалал-Абад областык сотторун 12 судьяга;

Ысык-Көл облаастындагы сотторду  7 судьяга;

Нарын областык сотторун  6 судьяга;

Талас областык сотторун 5 судьяга;

Баткен областык сотторун  5 судьяга.

Жыйынтыгында, эгерде мыйзам долбоор жактырылса анда биринчи иснтанциядагы сотторго 56 бош орун ачылат.

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун алдындагы Сот департаментинин бюджетине ушул жаңы институтту киргизүү үчүн жалпы баасы 185051,5 миң сом каражат каралган. Анын ичинде Социалдык фондко берилген сумманы эсептегенде 56 штаттык бирдик судьянын айлык маянасына 38246,0 миң сом.

Чыгымдар беренеси боюнча:

Айлык маянасы – 33320,0 миң сом;

Соцфондко берилчү сумма – 4926,0 миң сом.

Мыйзам долбоор жөнүндө толугу менен  kenesh.kg таанышсаңыздар болот.

Ой-пикир кошуу

кирүү